"Жалпы иш" коомдук фонду КР Жогорку Кенешине шайлоодогу шайлоо талаш-тартыштарына талдоо жүргүзүүдө

19.11.2020
"Жалпы иш" коомдук фонду КР Жогорку Кенешине шайлоодогу шайлоо талаш-тартыштарына талдоо жүргүзүүдө

БИШКЕК, 19-ноябрь, 2020-ж., - «Жалпы иш» коомдук фонду Citizens Follow Election Disputes долбоору же жарандар шайлоо чырларына көз салып, карап турат долбоорун ишке ашырууда.

Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоо мезгилиндеги чатактарга толук мониторинг жүргүзүлүп, анализ жасоо максаты коюлган.

Шайлоодогу талаштар — шайлоо жараянындагы эң маанилүү бөлүк. Шайлоо чатактарын жөнгө сала турган мыйзамдуулук жана анын практикалык имплементациясы шайлоого болгон ишенимдин деңгээлине жана бийлик шайлоо институттарына өтө зор таасирин тийгизет.

Андыктан ар бир соттук жараянды блогер элге түшүнүктүү кылып фонддун социалдык тармактагы баракчаларына  “Жарандык байкоочунун күндөлүгү” деген аталышта видео репортаж кылып жайгаштырып турат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн шайлоо чырлары боюнча соттук отурумдарга байкоо сала турган юристтердин ишке тартылган. Алар иштелип чыккан атайын формаларды толтургандан соң мыйзамдын тартибинде кабыл алынган соттук актыдан улам анализ жасашат.

Шайлоо процессинин ар бир катышуучусу шайлоонун кайсы гана этабында болбосун ар бир чечимге даттанууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Андан сырткары арыздар тез арада, ыкчам каралышы зарыл. Чыккан чечимдер адилет, негиздүү жана бир нерсеге такап жасалган болушу керек.


“Жалпы иш” коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

“Жалпы иш” коомдук фондунун миссиясы - аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга түзүп берүүгө көмөктөшүү.

«Бул пресс-релиз «Жарандар шайлоого байланыштуу талаш-тартыштарга байкоо жүргүзүшөт» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн».

Бардык жаңылыктар