«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду салыштырып текшерүүнү баштады.

30.11.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду салыштырып текшерүүнү баштады.

Салыштырып текшерүүнүн жүрүшүндө Фонддун байкоочулары алган шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептөө протоколдору жана АЭУ отчеттору КР Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумундагы маалыматтар менен салыштырылат. 

Фонддун 600 кыска мөөнөттүү байкоочусу өлкө боюнча кокустан тандалып алынган 300 шайлоо участкасында шайлоо процессине шайлоо күнү байкоо жүргүзүштү. Фонд статистикага негизделген байкоону - шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот. 

Тилекке каршы, ар кандай себептерден улам 6%га чейинки шайлоо участкаларынын протоколдору байкоочулардын колуна берилбей, аларды чогултуу үчүн «Коомдук иш» уюму аларды сүрөткө тартып алышкан.

Фонд протоколдорду салыштырып текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө кошумча маалымат берет.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. БШКнын маалымат тутумуна бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуштарды кол менен эсептөө протоколдорунун түшүүсү уланууда. 

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоону бурмалоого күнөлөө боюнча тынчсыздануусун билдирди жана бардык тиешелүү органдарды бардык келип чыккан окуяларды тыкыр иликтөөгө, ал эми шайлоого кызыкдар тараптарды далилдерди келтирүүгө жана күбө болгон мыйзам бузуулар боюнча расмий даттанууга чакырды. Фонд шайлоо процессинин бүтүндүгүн жана элдин эркин коргоо үчүн бардык мыйзам бузуулар мүмкүн болушунча тез арада текшерилерин күтөт.

Фонддун байкоочулары БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын топтоодо колдонгон системаны билишпейт жана бул процесске байкоо жана баа бере албайт. Фонд мыйзамга ылайык ар бир шайлоо участогу боюнча добуштарды кол менен саноого текшерүү жүргүзүүнү талап кылат жана шайлоонун бардык катышуучуларына жана жалпы коомчулукка жеткиликтүү болот.

Шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала билдирүүнүн толук тексти менен биздин сайттан таанышууга болот.

Бардык жаңылыктар