“Жалпы иш” КФнын байкоочуларынан саат 21:00гө карата добуш берүүнүн жүрүшү, мыйзам бузуулар боюнча алдын ала маалыматтар алынды, аймактардагы байкоо уланууда

29.11.2021
“Жалпы иш” КФнын байкоочуларынан саат 21:00гө карата добуш берүүнүн жүрүшү, мыйзам бузуулар боюнча алдын ала маалыматтар алынды, аймактардагы байкоо уланууда

БИШКЕК, 2021-жылдын 28-ноябрь. Саат 21:00гө карата “Жалпы иш” КФнын байкоочулары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 46 мыйзам бузуу жөнүндө билдирүү келип түштү. Бул мыйзам бузуулар боюнча алдын ала маалыматтар, аймактарда мониторинг уланууда.

Саат 20:00гө карата шайлоочулардын участокторго келүүсү 35,5%ды түздү (0,99% тактыкта +/- 3,05% каталар менен). “Жалпы иш” КФнын бир округ боюнча шайлоочулардын катышуусу боюнча маалыматтары каталар алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматтарына дал келет.

Саат 08:00дөн 19:30га чейин фонд байкоо жүргүзүп жаткан шайлоо участокторунун 2%ында добуш берүү учурунда добуш берүүнүн сыры бузулган.

Күн бою добуш берүү убагында УШКлардын 68% COVID-19 менен байланышкан сунуштарын сакташкан, 30% жарым-жартылай жана 2% такыр сакташкан эмес.

Шайлоо участокторунун 6,3%ында күн бою добуш берүү учурунда 10дон ашык шайлоочу бирдиктүү округ боюнча шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн табышкан эмес.

Күн бою добуш берүү убагында шайлоочулардын 59,3% COVID-19 менен байланышкан сунуштарды сакташкан.

Күн бою добуш берүү учурунда шайлоо участокторунун 19%ында узун кезек болду.

Участоктордун 58,3%ында техникалык мүчүлүштүктөр болгон эмес, ал эми 30% участоктордо AЭУ бузулган учур болду.

Шайлоо участокторунун 1,7%ында бир күн бою добуш берүү убагында шайлоочулар идентификациясыз добуш берүүгө уруксат берилген.

Шайлоо участокторунун 3,7%ында шайлоочуларды массалык түрдө ташуу учурлар байкалган.

Саат 20:00дө УШКлардын 95,3% жабылды. УШК жабылган маалда саат 20:00дө шайлоо участокторунун 2,3%ында сыртта кезек болгон.

“Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 600 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөттү. Алар тандалган 300 шайлоо участогунун ачылыш жана жабылуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуштарды саноого мониторинг жүргүзүшөт.

Дагы 46 мобилдүү топ шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүгө жөнөтүлдү. Саат 21:00гө карата мобилдүү топ бардык облустардагы 358 УШКны кыдырып чыгууга жетишти. Алардын маалыматы боюнча, жалпысынан шайлоо участокторунун айланасында абал тынч, бирок Нарын, Кара-Суу, Москва жана Кочкор шайлоо округдарында кезек күтүүгө жана шайлоочуларды ташууга байланыштуу чыңалган кырдаал байкалган.

24 УШКнын жанында COVID-19 сунуштарын сактагандыктан шайлоочулардын көп кезеги байкалды, 13 УШКда АЭУнун ишинин кечеңдешинен улам кезек күтүүлөр, ал эми 12 УШКда байкоочулар күчтүү белгисиз адамдар бар экенин байкашкан, 7 УШКда шайлоо участокторуна жакын жерде эл көп топтолгон.

7 УШКда мобилдүү топ шайлоо күнү мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүп жаткан үгүтчүлөрдү байкашкан. Бишкек шаарындагы №1223 УШКда байкоочулардын укугун мыйзамсыз чектөө катталган. Москва жана Өзгөн шайлоо округдарында мобилдүү топтор добуштарды сатып алууларды байкашкан, бирок алар мыйзам бузууну тартып кала же бул кайсы талапкердин пайдасына жасалганын биле алышкан жок.

Эң көп кездешкен 5 мыйзам бузуулар болуп төмөнкүлөр саналат:

  • бюллетендерди кайра саноо болгон эмес,
  • УШКнын отуруму болгон эмес (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон жок),
  • добуш берүүнүн сырын бузуу,
  • добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү,
  • AЭУнун бузулушу.

Мыйзам бузуулар жөнүндө көп билдирүүлөр келип түшкөн аймактардын арасында Ош облусу алдыңкы орунда турат.

Мыйзам бузуулар боюнча бөлгөндө кырдаал төмөнкүдөй:

Бюллетендер кайра саналбагандыгы жөнүндө 10 билдирүү:

Бишкек шаары - 1

  • 1223 УШК Бишкек шаары, Биринчи Май ОШК

Ысык-Көл облусу – 2

  • 3174 УШК Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз ОШК
  • 3048 УШК Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл ОШК

Ош облусу – 7

  • 5231 УШК Ош облусу Төлөйкөн ОШК
  • 5510 УШК Ош облусу Төлөйкөн ОШК
  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК
  • 5201 УШК Ош облусу Кара-Суу ОШК
  • 5161 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5027 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5424 УШК Ош облусу Көк-Жар ОШК

УШКнын отуруму болбогондугу жөнүндө 7 билдирүү (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон эмес):

Бишкек шаары – 2:

  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи май ОШК
  • 1346 УШК Бишкек шаары Свердлов ОШК

Ош облусу – 4:

  • 5140 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5128 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5247 УШК Ош облусу Төлөйкөн ОШК
  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК

Чүй облусу – 1

  • 7101 УШК Чүй облусу Ысык-Ата ОШК

2 билдирүү байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу:

  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи май ОШК
  •  5191 УШК Ош облусу Куршаб ОШК

6 билдирүү добуш берүүнүн сырын бузуу:

Чүй облусу – 2:

  • 7219 УШК Чүй облусу Сокулук ОШК
  • 7118 УШК Чүй облусу Ысык-Ата ОШК

Ысык-Көл облусу – 2:

  • 3156 УШК Ысык-Көл облусу Ак-Суу ОШК
  • 3191 УШК Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз ОШК

Ош облусу - 2:

  • 5191 УШК Ош облусу Куршаб ОШК
  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК

Шайлоо күнү үгүт иштери тууралуу 5 билдирүү:

  • 5115 УШК Ош облусу Өзгөн ОШК
  • 5125 УШК Ош облусу Өзгөн ОШК
  • 5254 УШК Ош облусу Төлөйкөн ОШК
  • 5465 УШК Ош облусу Алай ОШК – 2 билдирүү.

3 билдирүү AЭУнун иштебей калышы:

  • 7234 УШК Чүй облусу Сокулук ОШК
  • 3109 УШК Ысык-Көл облусу Ак-Суу ОШК
  • 4025 УШК Нарын облусу, Нарын ОШК

1 билдирүү AЭУга мөөр басылбагандыгы:

  • 2124 УШК Ош облусу Сузак ОШК

1 билдирүү шайлоочулардын тизмесинен четтөө:

  • 7079 УШК Чүй облусу, Чүй-Кемин ОШК

2 билдирүү УШКда бөтөн адамдардын болушу:

  • 5556 УШК Ош облусу Ош ОШК
  • 5206 УШК Ош облусу Кара-Суу ОШК

1 билдирүү партиялардын тизмесин калибрлөөдө техникалык ката:

  • 5271 УШК Ош облусу, Ош ОШК

1 билдирүү башка шайлоочунун ордуна добуш берүү:

  • 2025 УШК Жалал-Абад облусу Сузак ОШК

УШКнын төрагасы алынган шайлоо бюллетендерин визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөткөн эместиги жөнүндө 2 билдирүү:

  • УШК 5510 Ош облусу Төлөйкөн ОШК
  • УШК 5043 Ош облусу Куршаб ОШК

1 билдирүү АЭУнун жык толгондугуна байланыштуу урна ачылып, бюллетендер төгүлдү жөнүндө:

  • 4025 УШК Нарын облусу, Нарын ОШК

Шайлоочуларды ташуу жөнүндө 2 билдирүү:

  • 7417 УШК Чүй облусу Сокулук ОШК
  • 4112 УШК Нарын облусу, Кочкор ОШК
  • 5510 УШК Ош областы, Толойкон ОШК
  • 2406 УШК Жалал-Абад областы, Жалал-Абад ОШК

Шайлоого мониторинг “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

 
Бардык жаңылыктар