БИШКЕК, 2021-жылдын 28-ноябры. Саат 16:00гө карата “Жалпы иш” КФнын байкоочулары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 33 мыйзам бузуу жөнүндө билдиришти. Анын ичинде 10 бюллетендерди кайра саноо болгон эмес экендигин көрсөтөт, УШКнын отуруму болгон эместиги жөнүндө 7 билдирүү (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон эмес), добуш берүүнүн сырын бузуу жөнүндө 2 билдирүү, коомдук байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу, байкоочуга карата кысым жөнүндө 1 билдирүү, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү жөнүндө 5 билдирүу, AЭУнүн бузулушу жөнүндө 1 билдирүү, AЭУга мөөр басылбагандыгы жөнүндө 1 билдирүү, шайлоочулардын тизмесинен четтөө жөнүндө 1 билдирүү, УШКда бөтөн адамдардын болушу жөнүндө 1 билдирүү, партиялардын тизмесин калибрлөөдө техникалык ката жөнүндө 1 билдирүү, башка шайлоочунун ордуна добуш берүү жөнүндө 1 билдирүү жана УШКнын төрагасы алынган бюллетендерди визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөткөн эместиги жөнүндө 2 билдирүү.
Биз коомдук байкоочунун укугу добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү учурунда 12:00дөн 16:00гө чейин биздин байкоочулар жүргөн эки (же 0,7%) участоктордо бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды алдык.
Ушул эле мезгилде добуш берүүнүн сыры “Жалпы иш” КФнын байкоочулары жүргөн беш (же 1,3%) участокто бузулган.
Саат 16:00гө карата шайлоочулардын келүүсү 25,1%ды түздү (0,99% тактыкта +/- 3,05% каталар менен). “Жалпы иш” КФнын келүү боюнча маалыматтары каталар чегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматтарына дал келет.
Саат 16:00гө карата фонддун байкоочулары добуш берүү учурунда 33 бузуулар жөнүндө билдиришти.
Аймактар боюнча бөлгөндө кырдаал төмөнкүдөй:
10 билдирүү бюллетендерди кайра саноо болбогонун көрсөтүп турат:
Бишкек шаары - 1
Ысык-Көл облусу – 2
Ош облусу – 7
УШКнын отуруму болбогондугу жөнүндө 7 билдирүү (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон эмес) көрсөтүп турат:
Бишкек шаары - 2
Ош облусу – 3
Чүй облусу – 1
1 билдирүү байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу, байкоочуга кысым көрсөтүү:
2 билдирүү добуш берүүнүн сырын бузуу:
Шайлоо күнү үгүт иштери тууралуу 5 билдирүү:
1 билдирүү AЭУнун иштебей калышы:
1 билдирүү AЭУга мөөр басылбаганда:
1 билдирүү шайлоочулардын тизмесинен четтөө:
1 билдирүү УШКда бөтөн адамдардын болушу:
1 билдирүү партиялардын тизмесин калибрлөөдө техникалык ката:
1 билдирүү башка шайлоочунун ордуна добуш берүү:
УШКнын төрагасы алынган шайлоо бюллетендерин визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөткөн эместиги жөнүндө 2 билдирүү:
“Жалпы иш” КФ жогорудагы мыйзам бузууларга байланышкан апелляциялар жана даттануулар менен кайрылат.
“Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 600 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөттү. Алар тандалган 300 шайлоо участогунун ачылыш жана жабылуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуштарды саноого мониторинг жүргүзүшөт.
Фонд статистикага негизделген байкоону - шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот.
Дагы 46 мобилдүү топ шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүгө жөнөтүлдү. Бишкектеги колл-борбор байкоочулардан маалымат чогултууга жардам берет, ал эми юристтер тобу аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтарды талдап, даттанууларды тиешелүү органдарга берүү боюнча иш алып барат. Ишти сегиз аймактык координатор жана башкы кеңсенин 20 кызматкери координациялоодо.
Шайлоого мониторинг “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.