2021-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жайдан тышкары добуш берүүнүн жүрүшүнө “Жалпы иш” КФнын байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыгы

28.11.2021
2021-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жайдан тышкары добуш берүүнүн жүрүшүнө “Жалпы иш” КФнын байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыгы

БИШКЕК, 2021-жылдын 28-ноябры, “Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзөт. Кокустан тандалып алынган 300 шайлоо участогунда 600 кыска мөөнөттүү байкоочу шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүдө.

27-ноябрдын алдында байкоо жүргүзүлүп жаткан 300 участоктун 179унда жайдан тышкары добуш берүү болду.

Бардык УШКларда бир мандаттуу округ боюнча көз карандысыз байкоочуларга жана бирдиктүү округ боюнча 179 УШКнын 178инде бош көчмө үкөк көрсөтүлдү.

179 УШКнын 176сында көчмө үкөктөр байкоочунун катышуусунда участоктук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен чапталган.

133 УШКда участокторду ачуу жол-жоболорун жургүзүүдө COVID-19га байланышкан бардык сактык чаралары/сунуштар сакталган. 43 УШКда сактык чаралары жарым-жартылай гана сакталган, ал эми 5 УШКда чаралар такыр сакталган эмес.

Бир күндүн ичинде 138 УШК COVID-19га байланышкан сунуштарды сакташкан, 38 УШК жарым-жартылай гана, 3 УШК такыр сакташкан эмес.

165 участокто шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын бузулушу катталган эмес, 14 УШКда идентификациялоо үчүн жабдуулардын 1ден 5ке чейин бузулушу катталган.

Добуш берүүнүн сыры 179 УШКнын 177синде сакталды.

179 УШКнын 177синде жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктагандан кийин добуш берүүчү көчмө үкөккө мөөр басылды.

Бардык 179 УШКда бир мандаттуу округ боюнча жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн аяктагандыгы жөнүндө акт түзүлдү, 179 УШКнын 178инде бирдиктүү округ боюнча жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн аяктагандыгы жөнүндө акт түзүлдү.

Бир гана УШКда байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу же байкоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу учурлары катталган.

Эки УШКда шайлоонун катышуучуларынын жайдан тышкары жерде добуш берүү процессине даттануулар келип түшкөн.

Эки УШКда добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуулар байкалган.

Жайдан тышкары жерде добуш берүү күнү фонддун байкоочуларынан мыйзам бузуулар жөнүндө 12 белги, анын ичинен 3 белги жымжырттык күнү үгүт жүргүзүү жөнүндө, 2 белги добуш берүү күнү шайлоо участогунда боло албаган адамдардын УШКларда болушу жөнүндө келип түшкөн, көчмө үкөктөрдү коюу үчүн сейфтердин жоктугу жөнүндө 2 белги, бюллетендерде чыгып кеткен талапкерлердин маалыматтары чийилип салынбаганы жөнүндө 1 билдирүү, шайлоочуга кысым көрсөтүү жөнүндө 1 белги, каттоо журналында добуш берген шайлоочулардын жайынан тышкары добуш берүү жөнүндө жазуу жок экендиги жөнүндө 1 белги, көчмө үкөктөргө мөөр басылбаганы жөнүндө 1 билдирүү жана жыйынтыктоочу чек боюнча шайлоочулардын саны менен шайлоочулардын тизмесине туура келбөөсү жөнүндө 1 белги.

Фонд шайлоого байкоо жүргүзүүнү улантууда.

Бардык жаңылыктар