Журналисттер үчүн жарыя!

25.10.2021
Журналисттер үчүн жарыя!

Урматтуу кесиптештер, 29-октябрында пресс-жыйында «Жалпы иш» коомдук фонду "Жаңы шайлоо системасынын тобокелдиктерин талдоонун жыйынтыктары" аттуу продуктту сунуштайт.

Жолугушууда эксперттер жаңы шайлоо системасынын киргизилишине байланыштуу шайлоо процессинин ар кандай баскычтарында кандай тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн экенин айтып беришет.

Негизги этаптарды эске салсак, алар:

  • Шайлоолорду дайындоо
  • Шайлоо округдарын, участкаларын түзүү
  • Шайлоочулардын тизмесин түзүү
  • Талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо, талапкерлердин тизмесин каттоо
  • Шайлоо өнөктүгү
  • Добуш берүү күнү, добуштарды саноо
  • Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу, шайлоонун жыйынтыгын аныктоо.

Катталуу керек! Презентацияга катышууну кааласаңыз, pr@commoncause.kg электрондук дарегибизге жазыңыз. Катталгандарга презентация өтө турган жерди кошумча билдиребиз.

Бардык жаңылыктар