Ачык шайлоо маалыматтары. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин картасы

14.10.2021
Ачык шайлоо маалыматтары. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин картасы

2021-жылы 13-октябрда саат 18.00дө 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Жалпысынан, КР БШКнын маалыматы боюнча, 381 талапкер (31 аял жана 350 эркек) көрсөтүлдү, алардын ичинен 373 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жана 8 талапкер 7 саясий партиядан көрсөтүлдү.

Талапкерлердин эң жогорку саны – 19 талапкер Кадамжай шайлоо округунан.

Талапкерлердин эң төмөнкү саны – ар бири 4 талапкерден Ноокат жана Өзгөн шайлоо округдарынан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ачык маалыматтарын колдонуп, «Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 13-октябрында саат 18: 00гө карата бир мандаттуу округдарга талапкерлердин картасын жарыялайт.

 

 

Гендердик көз карашта караганда, жалпысынан 31 аял көрсөтүлүп, жалпы санынын 8%ын гана түзгөн. Эң көп аялдар Ысык-Көл шайлоо округунда - 5 талапкер. 19 округдарында алар таптакыр көрсөтүлгөн эмес.

 

 

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү саясий партиялардан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүзөгө ашырылат. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бүт өлкө боюнча 36 шайлоо округу түзүлгөн.

Бардык жаңылыктар