“Жалпы иш” коомдук фонду 2021-жылдын 6-октябрында каалочулар үчүн "Шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөр" аттуу эки сааттык онлайн семинар өткөрөт.

05.10.2021
“Жалпы иш” коомдук фонду 2021-жылдын 6-октябрында каалочулар үчүн "Шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөр" аттуу эки сааттык онлайн семинар өткөрөт.

Аралаш система деген эмне, шайлоо талаштары жана аларды кароо процесси, шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жатат, Жогорку Кеңешке канча депутат барат, добуш берүү процесси кандай, добуш берүү күнү шайлоочу канча бюллетен алат - бардык деталдарды “Жалпы иш” коомдук фондунун  шайлоо боюнча кеңешчиси Таалайбек Асылбеков жана фонддун юристи Тариэл Аалиев айтып беришет.

Онлайн жолугушуу Microsoft teams платформасында 6-октябрда саат 10.30 -12.30 чейин болот. Бизге кошулуу үчүн шилтеме аркылуу өтүп, формасын толтуруу керек.

Катышуучулардын саны чектелбейт.

Бардык жаңылыктар