Ачык шайлоо маалыматтар. Округ боюнча шайлоочулардын картасы

27.09.2021
Ачык шайлоо маалыматтар. Округ боюнча шайлоочулардын картасы

“Жалпы иш” КФ шайлоо тутуму чөйрөсүндөгү ачык маалыматтарды талдоону жана көрсөтүүнү улантууда.

Ачык маалыматтардын негизги идеяларынын бири жаңы тиркемелерди, өнүмдөрдү түзүү, ошондой эле ар кайсы булактардан алынган маалыматтарды бириктирүү аркылуу көрсөтүү болуп саналат.

Open Data ачыктыкты, тазалыкты камсыз кылууга жардам берет жана мамлекеттик органдар менен башка уюмдардын маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү ишмердигинин көрсөткүчү болуп саналат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген алдын ала тизме боюнча маалыматтарды жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мажоритардык шайлоо тутумунда добуш берүү үчүн аныкталган шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бириктирип, “Жалпы иш” фонду шайлоочулардын интерактивдүү картасын 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата түздү.

Ошол эле маалыматтар 2021-жылдын апрелиндеги референдумга салыштырмалуу шайлоочулардын өсүү динамикасын талдоого жардам берди.

 

 

*Түстөр канчалык карараак болсо, шайлоочулардын жыштыгы ошончолук жогору болот

Шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкекте топтолгон - 428 миң 599 адам. Алардын үлүшү бүт республиканын 12 пайызын түзөт, ошондуктан борбор шаарды №2 өзүнчө картада төмөндө көрсөтүшкөн.

Республиканын округдары боюнча алдыда Ош облусундагы №8 Төлөйкөн шайлоо округу (118 миң 551 шайлоочу) жана №35 Ак-Суушайлоо округу (118 миң 513) турат.

Эң аз шайлоочу калктын жыштыгы аз болгондуктан өлкөнүн түндүк-батышында жана батышында байкалат. №21 Талас шайлоо округунда алдын ала тизмеде 80 миң 433 шайлоочу, №18 Ала-Бука шайлоо округунда - 80 миң 453.

 

 

Бишкек төрт округга бөлүнгөн: № 26, 27, 28 жана 29. №26 Ленин шайлоо округунда эң көп шайлоочу бар – 110 миң 870 адам же бүткүл республиканын 3 пайызы.

Жалпысынан парламенттик шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесинде 3 миллион 686 миң 921 адам катталган. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) салыштырмалуу, саны 80 миң 720 шайлоочуга көбөйгөн.

Шайлоочулардын санынын өсүшүнө 18 жашка толгон адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандар жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар таасир этет.

 

 

Шайлоочулардын эң көпөсүшү Ош шаарында жана Ош облусунда, ошондой эле Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда. Мындан тышкары, 2021-жылдын жазынан бери шайлоочулардын санынын олуттуу өсүшү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тизмесинде белгиленген.

Маалымат үчүн: Учурда “АШКсыз” категориясына кирген 1 миң 687 шайлоочу бар. Булар, мисалы, шайлоочулардын тура эмес дареги сыяктуу ар кандай себептерден улам, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (СӨМ) УШКларга бөлүштүрүлбөгөн шайлоочулар.

Эске сала кетсек, шайлоочулардын тизмеси 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин такталып жатат. АШКсыз калган шайлоочулар тактоодон кийин гана тиешелүү УШКларга бөлүштүрүлөт. БШК шайлоочулар өз убагында өзүн тизмеден тактоону суранат. Биз шайлоо тутуму боюнча ачык маалыматтардын жаңыртылышын көзөмөлдөөнү жана жарандарды кабардар кылууну улантабыз.

Бардык жаңылыктар