Кыргыз Республикасындагы шайлоо талаштарын талдоо

16.08.2021
Кыргыз Республикасындагы шайлоо талаштарын талдоо

БИШКЕК, 2021-жылдын 16-августу, - "Жалпы иш" коомдук фонду "Жарандар шайлоо талаштарын көзөмөлдөйт" («Citizens Follow Election Disputes») долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурундагы шайлоо талаштарын, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо талаштарына талдоо жүргүзгөн.

Ошентип, 2017 -жылы Кыргыз Республикасында президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясына 103 арыз (даттануу) келип түшкөн.

Алардан:

  • КР Президентинин кызматына талапкерлердин аракеттери боюнча-69
  • Массалык маалымат каражаттарынынаракеттери боюнча - 15
  • Шайлоо комиссиялардын аракеттери жана чечимдери боюнча - 9
  • Аткаруу жана жергиликтүү бийликкызмат адамдарынын аракеттери боюнча - 5
  • Маалыматты тактоону талап кылган билдирүүлөр- 5

Белгилей кетсек, башка анализделген шайлоо процесстерине салыштырмалуу 2017-жылы аккредитациясын жокко чыгаруу жемаалымат төгүндөөжарыялооталабы менен, талапкер жөнүндө жарыяланган материалдарды алып салуу талаптары менен массалык маалымат каражаттарына  эң көп арыз түшкөн(15 арыз).

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда, БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган Арыздардын Реестрине ылайык, 163 арыз келип түшкөн. Шайлоо процессинин субъекттери Бишкек шаарынын Административдик сотуна 15 административдик доо (арыз) менен кайрылышкан. Анын ичинен 3 канааттандырылган, 10 доо четке кагылган, 2 арыз административдик өндүрүшкө киргизүүдөн баш тартылган. Административдик соттун жети чечими апелляциялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылган.

2021-жылы Кыргыз РеспубликасынынПрезидентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда, Арыздардын жана бузуулардын реестрине ылайык, БШКга 173 арыз келип түшкөн, анын ичинде ЫЧКТга 133 сигнал түшкөн.

Республикалык деңгээлдеги үч шайлоо өнөктүгүнүн анализи көрсөткөндөй, Кыргызстанда шайлоо талаш -тартыштарынын эң көп таралган себептери:

  • Мыйзамдардагы кагылышуулар (коллизиялар) жана боштуктар;
  • Шайлоо процессинин субъектилери тарабынан кайсы даттануулар жана арыздар менен кайсы органдаргакайрыла тургандыгын аныктоочу так нормалардын жана эрежелердин жоктугу;
  • Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жоопкерчиликти колдонуунун бирдиктүү практикасынын жоктугу;
  • Талапкерлердин, саясий партиялардын, алардын өкүлдөрүнүн, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын начар даярдыгы жана алардын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын жетишсиз билиши;
  • Шайлоо процессинин субъекттеринин укуктук маданиятынын жетишсиз деңгээлде болушу;
  • Саясий тирешүү, талапкерлердин жана саясий партиялардын күрөшү;
  • Шайлоочулардын укуктук аң-сезиминин төмөндүгү.

Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, шайлоо мыйзамдарындагы кагылышуулар (коллизиялар) жана боштуктар көйгөйү көптөгөн шайлоо талаштарынын себептеринин бири болгон жана азыр болуп келүүдө.

Шайлоо күнү келип түшкөн даттануулардын анализи көрсөткөндөй, арыз берүүчүлөрдүн олуттуу бөлүгү шайлоо күнүнүн жол-жоболорун начар билгендиктен жана көбүнчө талаш-тартыштарды жаратпашы керек болгон учурларда арыздарды жана даттанууларды беришкен.

Ушуга байланыштуу, шайлоо талаш-тартыштарынын санын азайтуу максатында, шайлоо комиссияларынын, талапкерлердин жана саясий партиялардын гана эмес, шайлоочулардын өздөрүнүн шайлоо мыйзамдарынын нормаларына үйрөтүү менен байланышкан иштер өзгөчө актуалдуу болуп калат. Ушул эле ишти жарандык коом уюмдары, массалык маалымат каражаттары жана коомдук байкоочулар менен да жүргүзүү керек.

Мамлекеттин, шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо талаш-тартыштарын болтурбоо, алардын санын кыскартуу, алардын адилетсиз демилгелерин жок кылуудагы максаттуу ишмердүүлүгү демократиялык институттардын позитивдүү өнүгүшүнө, элдин шайлануучу органдарга болгон ишенимине өбөлгө түзүп гана койбостон, массалык кагылышууларга, нааразычылык кыймылдарга жана революцияларга жол бербейт.

Бардык жаңылыктар