Саясий партиялардын көбү шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтүнүн 30 күн болгону аз убакыт деп эсептешет

21.12.2020
Саясий партиялардын көбү шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтүнүн 30 күн болгону аз убакыт деп эсептешет

БИШКЕК, 21-декабрь, 2020-жыл – 4-октябрда Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан саясий партиялардын көпчүлүгү шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтүнүн 30 күн болгону аз убакыт деп эсептешет.

Алар партиялардын шайлоочуларынын аздыгын же алардын даярдык деңгээлинин жетишсиздигин айтышты. Бул БШКга же сот органдарына табылган мыйзам бузууларды өз учурунда жана сапаттуу кылып арыз берүүгө тоскоол болгонун билдиришти.

“Жалпы иш” коомдук фонду 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Citizens Follow Election Disputes же Жарандар шайлоо чырларын байкоого алат» деп аталган долбоорунун алкагында уюштурулган анкеталоодо ушундай пикирлер айтылган.

Анкеталоого парламенттик шайлоодо ат салышкан 16 саясий партиянын ичинен 10у катышкан.

Катышуучуларга тогуз суроого жооп берүү сунушталган:

  • КРде шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ишмердүүлүгү;
  • Шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтү туурасында;
  • Мыйзам бузуулар жөнүндө;
  • Түшкөн даттануулар менен иштөө көйгөйлөрү;
  • Шайлоо учурунда мамлекеттик органдардын ишине баа берүү тууралуу;
  • Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана мамлекеттик органдардын арыз түшкөн учурда иштешинин/иштебей коюшун жакшыртуу боюнча сунуштар;

Анкеталоонун чыккан жыйынтыгы төмөнкүдөй: партиялардын көпчүлүгү БШК шайлоого катышуучуларды кабардар кылып жана аларга саясий партияларды каттоо учурунда мыйзам талаптарына жооп бербей калып, кетирген каталарын оңдоого убакыт бериши керек деп эсептейт.

Берилген суроого ушундай эле жооп болгон. Анда БШК каталар боюнча маалымдап жана үгүт материалдарын кабыл алууда мыйзам талаптарына жооп бербей калып кетирген каталарды оңдоого  убакыт бериши керек деп айтылган.

Алты партиянын ичинен төртөө шайлоо алдындагы үгүт мөөнөтүнүн 30 күн болгону аз убакыт деп, аны узартуу зарыл деген пикирлерин айтышкан.

Партиялардын көпчүлүгү шайлоо учурунда админстративдик ресурстардын колдонулгандыгына жана добуштардын сатылганына нааразы болуп сотко кайрылгандыктарын айтышкан. Башка кайрылуулардын арасында жашыруун добуш берүүнүн бузулганы жана мамлекеттик органдар тарабынан басым жасалганы айтылган.

Анткен менен саясий партиялар алардын байкоочулары БШКга, сотторго шайлоо алдында же добуш берүү күнү арыздарды жазуу боюнча  жеткиликтүү деңгээлде  даярдыктан өткөн эместигин, окутулбагандыгын айтышты.  Бул берилген арыздар толук кандуу каралышы боюнча көйгөйлөрдү жараткан.

Мындан сырткары анкеталоонун катышуучулары мамлекеттик органдар тарабынан арыздарды кароонун мөөнөтү бузулгандыгын белгилешкен.

Мамлекеттик органдардын аракет кылгандыгына же аракетсиздигине арыздануу процессин жакшыртуу боюнча сунуш катарында, аны менен катар эле добуш берүүнүн жыйынтыгына арыздануу боюнча партияларга алардын бул багытта иштерин координациялап жана арыз берүү процессинин ачыктыгын камсыздоо сунушталган. Мындан сырткары бир нече сунуштар шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүүгө байланыштуу болгон.

Анкеталоого 16 саясий партиянын 10у катышкандыгына карабастан, Фонддун юристтери бул процесске тоскоол болууларга тушукту. Алардын ичинен маанилүү бүтүмдөрдүн бири штаб ичиндеги чабал коммуникация жана анын айынан  алака куруудагы кыйынчылыктарга байланыштуу болгон.

Бардык жаңылыктар