“Жалпы иш”коомдук фонду КРдин Жогорку Кеңешине болгон шайлоодогу шайлоо чырлары боюнчаанализ жүргүздү

18.12.2020
“Жалпы иш”коомдук фонду КРдин Жогорку Кеңешине болгон шайлоодогу шайлоо чырлары боюнчаанализ жүргүздү

БИШКЕК, 18-декабрь, 2020-жыл - “Жалпы иш” коомдук фонду 2020-жыл – 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү, аны өткөрүү мезгилинде шайлоо чырларына байланыштуу Жогорку сотко берилген арыздарга Бишкектин Административдик соту чыгарган соттук чечимдер жана касациялык арыздар боюнча чыккан чечимдер боюнча анализ жүргүздү. КФ кандай гана шайлоо болбосун аны өткөрүүдөгү чыккан талаштарды чечүү иши шайлоо кампаниясынын маанилүү элементтеринин бири деп эсептейт. Себеби алар мыйзамдагы кемчиликтерди таап чыгып, аны четтетүүгө жана шайлоо нормаларынын өнүгүшүнө жардамчы болот. Фонддун юристтери Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгарган чечиминен улам Бишкектин Административдик сотуна берилген 14 доо арызды анализдеп чыкты.  Доо арыз боюнча соттун 12 чечими жана 2 аныктамасы чыккан. Административдик соттун чечиминин жыйынтыгынын негизинде кассациялык 7 арыз Жогорку соттун админстрациялык иштер боюнча соттук коллегиясына берилген. “Жарандык байкоочунун күндөлүгү” долбоорунун негизинде ар бир талашты блогер жеткиликтүү тил менен фонддун социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштырып турган. Ал кыргыз жана орус тилдеринде видеорепортаждар аркылуу жасалган.  Администрациялык сотторго саясий партиялардын, саясий партиялардын талапкерлеринин, коомдук уюмдардын  берген  административдик доо арыздардын предметин коюлган талаптарына жараша төмөнкүчө бөлсө, чектесе болот: 

  • КРдин БШКсынын административдик актысын мыйзамсыз деп таануу боюнча; 
  • БШКнын чечимдерин мыйзамсыз деп таануу боюнча;
  • БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таануу боюнча (пассивдүү шайлоо укугунун калыбына келтирилиши жөнүндө, талапкердин каттоодон баш тартууда жазылган арыз, шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларынын жокко чыгарылышы боюнча);
  • Саясий партиялардын мыйзамсыз аракеттерин таануу жөнүндө;

Шайлоо кампаниясын өткөрүүгө байланыштуу талаштарды чечүү иштери коомчулуктун бардыгынын, бүткүл элдин, алардын шайлоого жана референдумга катышуу боюнча маанилүү саясий укуктарына, институттардын түз жана көрсөтүп берүүчү демократиянын кызыкчылыктарын козгойт, тиешелүү болот. 

Муну менен катар эле сот бийлигинин органдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүдө зор роль ойнойт. Себеби соттук талаштар иш тажрыйбада шайлоого даярдануу жана өткөрүүдө ченемдик укуктук актылардагы көптөгөн коллизияларды, кемчиликтерди таамай көрсөтүп берет. Бул иш “Жалпы иш”коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Citizens Follow Election Disputes же Жарандар шайлоо чырларын байкоого алат» деп аталган долбоорунун алкагында  Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин Демократиялык комиссиясынын финансылык колдоосунда жасалган. 

Бардык жаңылыктар