Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү : Шайлоонун 14:00го карата алдын-ала маалымат

11.04.2021
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү : Шайлоонун 14:00го карата алдын-ала маалымат

Бишкек, 11-апрель 2021 ж. – шайлоонун 14:00го карата алдын-ала маалымат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө маалымат.

Бүгүн, 11-апрель күнү, добуш берүү маалында "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан мүмкүн болгон 50 мыйзам бузуу фактылары катталды. Алардын 31 фактысы Бишкек шаары, ал эми 19зу Ош шаары боюнча.

Байкоочулар тарабынан добуш берүү учурунда катталган мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын тизмеси:

Добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу фактылары

  • УШКлар # 1333, 5300, 5913, 1327, 1150, 5559

Шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзүү фактылары

  • УШКлар # 5290, 5300, 1314

Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар 

  • УШКлар # 1302

Процедуралык бузуулар

  • УШКлар # 5313, 1136, 1033, 1022, 1333, 1351, 5558, 1158, 5275, 1053, 1158, 1317, 5284, 5300, 1147, 1136, 1114, 1026, 1241, 1343, 1115, 5323, 1303, 1228, 1343, 1351, 1206, 1035, 5559, 1333, 5283

Байкоочунун укуктарын бузуу фактылары

  • УШКлар # 5301

Бюллетенди сүрөткө тартуу

  • УШКлар # 1305, 1050, 5283

Добуш сатып алуу

  • УШКлар # 5313

АСУнун жанында белгисиз адамдардын турушу

  • УИКи # 1337, 5312, 1337, 5283

Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен учурлар, процедуралык жана байкоочунун укуктарын бузуу тууралуу болжолдуу фактылары боюнча “Жалпы иш” коомдук фондунун юристтери 20 УШК боюнча арыздарды каттап, тиешелүү органдарга жиберди.

“Жалпы иш” коомдук фонду жогоруда айтылган мыйзам бузуулар боюнча талдоо жүргүзүп, далилдер базасын топтогондон кийин тийиштүү органдарга арыздар жана даттануулары менен кайрылмакчы.

Эскерте кетсек, “Жалпы иш” коомдук фонду белгиленген шаарларда шайлоо күнүнө байкоо жүргүзүү үчүн 370 байкоочуну тандап, окуудан өткөрүп, аймактарга жөнөткөн.

Бүгүн, 11-апрель күнү, “Жалпы иш” коомдук фонду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүсүн төмөндөгү шаарларда улантып жатат: Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Кайынды, Каракол, Нарын, Токмок жана Талас.

Байкоочулар бир күн бою мыйзам бузуулар жөнүндө маалымдап турушат. Алардан чогултулган фактыларды атайын юристтер командасы талдоо жүргүзүп, далилдер базасын топтоп турушат.  Мындан сырткары, Бишкекте орун алган атайын байланыш борбор байкоочулардын маалыматтарын каттап жана талдап турууда.

Бардык жаңылыктар