Көчмө добуш берүү: Шайлоонун 12:00го карата алдын-ала маалымат.

11.04.2021
Көчмө добуш берүү: Шайлоонун 12:00го карата алдын-ала маалымат.

Бишкек, 11-апрель 2021 ж. — шайлоонун 12:00го карата алдын-ала маалымат. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жайдан тышкары добуш бергендер тууралуу маалымат.

Кечээ, 10-апрелде, добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү маалында "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары баштапкыдан сырткары, дагы 6 мыйзам бузуулар катталганы туурасында арыздар менен тиешелүү органдарга кайрылган.

Добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү процедурасын көз карандысыз байкоо жүргүзүү алкагында "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан берилген арыздардын тизмеси:

Көчмө урнага мөөр басылбай калган учурлар

  • УШКлар # 1129, 1153, 1152

Шайлоочулардын тизмесин манипуляциялоо фактылары

  • УШКлар # 1050

Добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу фактылары

  • УШКлар # 5271

Шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзүү фактылары

  • УШКлар # 5271

Ушуну менен, Бишкек шаары боюнча добуш берүү жайдан тышкары добуш берүүгө көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алкагында катталган даттануулардын жалпы саны 17ге жетти, ал эми Ош шаары боюнча 18ди түздү.

Эскерте кетсек, “Жалпы иш” коомдук фонду белгиленген шаарларда шайлоо күнүнө байкоо жүргүзүү үчүн 370 байкоочуларды окуудан өткөрүп, аймактарга жөнөткөн.

Бүгүн, 11-апрель күнү, “Жалпы иш” коомдук фонду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүсүн төмөндөгү шаарларда улантып жатат: Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Кайынды, Каракол, Нарын, Токмок жана Талас.

Байкоочулар бир күн бою мыйзам бузуулар жөнүндө маалымдап турушат. Алардан чогултулган фактыларды атайын юристтер командасы талдоо жүргүзүп, далилдер базасын топтоп турушат.  Мындан сырткары, Бишкекте орун алган атайын байланыш борбор байкоочулардын маалыматтарын каттап жана талдап турууда.

Бардык жаңылыктар