"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүү учурунда катталган мыйзам бузуулар менен тааныштырат.

05.03.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүү учурунда катталган мыйзам бузуулар менен тааныштырат.

БИШКЕК, 5 март 2021 ж. — "Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүү учурунда катталган мыйзам бузуулар менен тааныштырат. Анын негизинде, шайлоо процессинин субъекттеринин арыздарын натыйжалуу кароо жана шайлоо мыйзамдарынын бузгандарды жоопко тартуу боюнча сунуштарын тартуулайт.

Жалпысынан өлкөдө шайлоо процесстери жогору бааланат. Ошого карабастан, байкоочулар шайлоонун жүрүшүндө кээ бир мыйзам бузууларды аныкташат. Алардын айрымдары шайлоо процесстеринин туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн.

Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларга каршы туруучу механизмдер каралганбы? Бул жана башка суроолорго толук жоопту "Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери Борбордук шайлоо комиссиясы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлө турчу тегерек стол учурунда талкуулашат.

Фонддун көз карандысыз байкоо жүргүзүү жыйынтыктарына таянсак, шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин бузулушу шайлоо жүрүшүндө эң эле көп катталган мыйзам бузуулардын бири болду.

Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан 86 мыйзам бузуу жөнүндө маалымат жөнөтүшкөн. Анын ичинен административдик ресурстарды колдонуу боюнча 53, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча 17, кысым көрсөтүү, коркутуу жана зомбулук боюнча 16 иш. 22 мыйзам бузуу БШК тарабынан түзүлгөн Ыкчам чара көрүү координациялык топко өткөрүлүп берилди.

Көпчүлүк бурмалоолор талапкерлер тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү учурунда катталгандыктан, Фонд БШКга талапкерлердин жана алардын штабдарынын үстүнөн бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылат. Фонд ошондой эле административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонууга байланыштуу фактылар боюнча арыздануу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маанилүү деп эсептейт.

Шайлоо күнүндө Фонддун байкоочулары тарабынан участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 81 мыйзам бузуу катталган.

Жалпысынан бардык тартип бузуулар процедуралык же техникалык мүнөздө болгон, ошого карабастан "Жалпы иш" коомдук фонду БШКга АШК жана УШК мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүүнү жана алардын алдын ала даярдануусун күчөтүүнү сунуш кылат.

Ошондой эле, Фонддун байкоочулар тарабынан шайлоого чейин жана анын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар менен даттануулар өз убагында каралбагандыгы тууралуу эскертүүлөр болгон. Мындан улам, "Жалпы иш" коомдук фонду келип түшкөн арыздардын толук жана өз убагында каралышы үчүн жоопкерчиликти белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, ошондой эле мыйзам бузууларга баа берилиши үчүн жана аларга карата чараларды кабыл алынышы үчүн иш-аракеттердин бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгууну сунуш кылат.

Мыйзам бузуулар жөнүндө түшкөн эскертүүлөр жана даттануулар өз убагында каралып чыгышы үчүн укук коргоо органдарынын ишин күчөтүүнү, көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукту убагында маалымдоо жана шайлоо мыйзамдарын бузуунун айрым түрлөрү үчүн жоопко тартуунун бирдиктүү тажрыйбасын иштеп чыгуу зарылдыгын Фонд белгилей кетмекчи.

Тегерек столдогу талкууга БШК мүчөлөрү, КР президент аппаратынын жана Өкмөттүн кызматкерлери, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, УКМКнын, Жогорку Соттун өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бардык жаңылыктар