Шайлоого катышуу - өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө укук

"Жалпы иш" коомдук фонду Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого жарандардын аң-сезимдүү катышуу деңгээлин жогорулатууга багытталган агартуу иштерин жүргүзөт. Фонд шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн түшүндүрө турган видеотасмаларды даярдады. Фонд ошондой эле калк арасында кыргыз, орус, өзбек тилдеринде (негизинен түштүк региондун жашоочулары үчүн) шайлоого катышуунун мааниси тууралуу айтып берген бир нече миң баракчаларды иштеп чыгып, тараткан.

Тизмеге кайт