27-февралга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү улантып жатабыз. Учурда биздин байкоочулар шайлоо участокторду кыдырып жатышат. Алардын айрымдарында мыйзам бузуулар аныкталган, мисалы, УШКнын мүчөлөрү жер-жерлерде жок болгон; шайлоочулардын контролдук тизмесин илинген жок жана башка. Бул шайлоочулар үчүн тизмеде өзүн тактоодо жана жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн кайрылууда кыйынчылыктарга алып келет. Бул фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн округдук шайлоо комиссияларына кайрылдык.
Тизмеге кайт