Кайра эле ошол аңга түшмөй

09.03.2021
Кайра эле ошол аңга түшмөй

Кыргызстандыктар адилетсиз шайлоонун айынан үчүнчү жолу бийликти кулатышты. Кыргызстандагы шайлоолорду такай коштоп жүргөн добуштарды сатып алуу менен административдик басым бул жолкусунда дагы чечүүчү ролду ойношту. Бул саясий элита менен бийликтик топтор үчүн сабак болобу деген чоң суроо жаралат.

2020-жылдын 28-августундагы «Муну баардык партиялар кылат...» деген материалда биз коронавирустун айынан шайлоо процессинин токтотулушу добуштарды сатып алуу деген илгерки көйгөйдү ачыктады деп жазган элек. (http://www.nlkg.kg/ru/politics/elections-2020/vse-partii-delayut-eto Саясий партиялар элге жапырт негизде гуманитардык жардам таратып, аны менен бир катар серепчилердин көз карашында Кыргыз Республикасынын конституциясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндө жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузушкан. Мындай мыйзам бузуулар шайлоо сайын байкалып, деги эле таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү идеясын күмөнгө салат.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өтүү үчүн 16 саясий партия ат салышкан, алардын ичинен, эксперттердин баамында, бешөө бийликчил партия болгон, ал эми калганы өзүн учурдагы режимге ар кандай деңгээлдеги оппозиция катары көрсөткөндөр болгон.

Шайлоо өнөктүгүнүн башынан эле байкоочулар, партия өкүлдөрү менен жөнөкөй жарандар массалык мыйзам бузууларды байкаган.

Форма №2 жана анын алынышы – маселе сатып алуу менен чечилеби?

Бул форма боюнча кандайдыр бир себептен улам катталган жеринде эмес жүргөн жаран ошол жерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Бирок жакшы ниет эң олуттуу мыйзам бузууга айланды.

4-октябрдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду катталган жеринен эмес, Форма №2 боюнча добуш берүүнү каалаган жарандардын саны кескин көбөйгөндүгүнө катуу кабатыр болгондугун билдирген.

КР БШКсынын 27-сентябрьга карата берген маалыматына ылайык, бул шайлоодо Форма №2 боюнча добуш берүүгө 496 239 адам же жалпы электораттын 14.08 пайызы билдирүү берген. Салыштыруу үчүн; 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Форма №2 боюнча добуш берүү үчүн 297 327 же шайлоочулардын 10.76 пайызы кайрылса, 2017-жылкы президенттик шайлоодо бул көрсөткүч 315 461 же 10.42 пайызды түзгөн.

«Форма №2 боюнча добуш берүү үчүн арыз менен кайрылган жарандардын кайсыдыр бир бөлүгүн чын эле объективдик себептерден улам жашоо дарегин алмаштырган жарандар түзөрүнө күмөн жок. Бирок эмне үчүн ушунча көп адам жашаган жерине эмес жака каттоого тургусу келгендиги түшүнүксүз бойдон калат. Азыркы учурда бул шайлоочунун изоляциясы, жеке демилгесине байланыштуубу же алар 0.7 пайыздык аймактык босогону өтүү үчүн жана/же партия ичиндеги «жумшак рейтинг» үчүн шайлоонун жыйынтыктарын манипуляциялоону каалаган партиялар же талапкерлер тарабынан сатылып алынгандыгы белгисиз»,- деп билдирет «Жалпы иш» КФ. Фонд бул маселени иликтөө өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.

8-августтан 19-сентябрьга чейинки убакыт ичинде Бишкектин шайлоо тилкелерине шаардын айланасындагы айылдардан күнүгө ондогон, жүздөгөн адамдар ташылып келип жатты, алар эмне болуп жаткандыгын журналисттер менен байкоочуларга тың түшүндүрүп бере да алшкан эмес. Кээ бирлери ишенчектигине алдырып, аларга Форма№2 боюнча катталгандыгы үчүн жана шайлоодо белгилүү бир партия үчүн добуш бергендиги үчүн акча төлөп берүүнү убада кылышкандыгын айтып беришкен.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Марлен Маматалиев 2020-жылдын 18-октябрдагы активисттер менен болгон жолугушуусунда Форма№2 – таза коррупциялык схема экендигин айтып, Форма№2 боюнча эч ким өз ыктыяры менен добуш берберин билдирген. (18-октябрда болгон жолугуунун шилтемеси: https://www.facebook.com/watch/live/?v=1631311183708865&ref=externa)

Жыйынтыгында, шайлоочулар Форма№2 боюнча добуш берүү үчүн Бишкектеги шайлоо тилкелерине келип, натыйжасында алар толуп калган. Мыйзамда бир шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 2500 адамдан ашпашы керек деген ченем бар. Шайлоого чейин эле, БШКнын ошол кездеги мүчөсү Атыр Абдрахматова аталган себептен улам шайлоо болбой калуу коркунучу бар деп билдирген.

Бул жапырт көрүнүшкө жада калса участкалык шайлоо комиссияларынын жетекчилерине каршы чыгуунун кереги жок болгон, анткени эгерде алар буйрукка баш ийбесе, жумуштан айдалышмак. Бир катар ММКлар (https://april.kg/ru/article/uvolen-direktor-sosh-60-eto-sdelano-po-politicheskim-motivam-schitayut-kollegihttps://kaktus.media/doc/419708_za_tri_dnia_do_novogo_ychebnogo_goda_yvolilsia_direktor_shkoly_bishkeka.html) ТШКнын төрагасы болгон борбор калаадагы №60-мектептин жетекчиси Малик Даиров менен болгон кырдаалды чагылдырган.

27-августта, окуу жылынын башталышына 3 күн калганда, директор жумуштан өз каалоосу менен кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу №60-мектептин мугалимдери Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жолдогон расмий катында билдиришкен.

№60-мектептин мугалимдери айткан себеп кийинкиде болгон: жогору жакта турган органдардан  шайлоо тилкесине келген жарандардын баардыгын каттоого алуу керек деген буйрук келип түшкөн.

Мугалимдердин айтымында, натыйжасында, элди массалык түрдө каттоого алуу башталган, жарандар аймактардан дагы келип жатышкан. Күнүгө 50гө чейин жаранды каттоого алууга туура келген. Буга байланыштуу мектеп жетекчисинин үстүнөн даттануу болуп, ал жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

«Канчага чейин саясий оюндарда мугалимдерди колдонууга болот!»-деп суроо узатышкан мугалимдер өзүнүн расмий катында.

Атыр Абдрахматова болуп жаткан көрүнүштөр менен анын байкоолору «административдик ресурс болуп жаткандыгы мүмкүн экендигин, шайлоочулар сатылып жаткандыгын жана жада калса шайлоо документтери фальсификацияланып жаткандыгынан кабар бергендигин» айтып чыккан.

Шайлоого бир нече күн калганда бир катар саясий партиялар Борбордук шайлоо комитети, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен Башкы прокуратурага кийинки билдирүү менен кайрылышкан: «БШКны 26 июлдан ушул күнгө чейин ар бир шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын жылышы боюнча маалыматтарды жарыялоону суранабыз.  Андан сырткары, БШКнын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана саясий партиялардын мүчөлөрү менен биргеликте Форма№2 боюнча массалык каттоого алуу фактысын текшерүүнү суранабыз. Башкы прокуратура, УКМКны административдик ресурстун болушу мүмкүндүгүн, добуштардын сатылышын жана шайлоо документтеринин фальсификацияланышын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыктарын ачыктоону суранабыз».

Өз кезегинде БШК укук коргоо органдары менен прокуратура органдарына 64 мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдарын жөнөткөн. Бирок эч кандай чаралар кабыл алынган эмес.

Башка коомдук уюмдардай эле, «Жалпы иш» Коомдук фонду дагы шайлоонун улуттук мыйзам чыгаруу ченемдерине жана демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына төп келишине мониторинг жүргүзгөн. Өз ишинде фонд Кыргыз Республикасынын конституциясынын «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын беренлерине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жоболоруна таянган.

Мониторингдин жүрүшүндө «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары БШК, БП жана ИИМге бир катар актыларды, арыздарды, кайрылууларды жана даттанууларды жолдогон.

(инфаграфикаларды көрүңүздөр).

Мыйзамдаштырылган паракорчулукпу?

18-октябрьда жарандык активисттер менен депутаттар өткөн шайлоону талкуулаган тегерек стол болуп өткөн. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер, депутат Марлен Маматалиевдин сөзүн Kloop цитаталагандай, аталган жолугушууда ал анын партиясынын штабы үгүтөөчүлөргө айлык акы төлөп бергендигин билдирген. «Муну менен алар паракорчулукту мыйзамдаштырган»-деп белгилеген Маматалиев. Активисттердин шайлоо процесси маселелери боюнча болгон жолугушууда Маматалиев алар үгүттөөчүлөрдүн чектелбеген санын жалдагандыгын айткан.

«Бишкек боюнча бизде 12 миң үгүттөөчү болгон, алар баардыгы айлык маяна алышкан, биз аларга 20-25 миң сомдон төлөп бергенбиз»,-деп билдирген саясатчы.

БШКнын 4-октябрьга карата маалыматына ылайык, «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоодо 116 108 485 сом сарптаган. Эгерде Маматалиевдин сөзүнө таяна турган болсок, партиянын Бишкектеги үгүттөөчүлөрүнүн айлык акысына эле 240 миллион сом корогон.  Ал эми бул чыгашаларга партиянын баннерлерин жайгаштырылышы үчүн, телеканалдардагы жана сайттардагы жарнамасы жана региондордогу үгүттөөчүлөрдүн айлык акысы үчүн сарпталган каражаттарды дагы кошуу керек. (18-октябрьдагы жолугушуунун шилтемеси: https://www.facebook.com/watch/live/?v=1631311183708865&ref=externa).

«Кээ бир үгүттөөчүлөр добуштарды сатып алууну жүргүзүшкөн»,- дейт «Интербилим Ош» эл аралык уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева. Шайлоо күнү аталган уюмдун байкоочулары шайлоо тилкелеринен шайлоочулардын тизмесин көтөрүп алып, кайсы бир партия үчүн добуш бергендерге 500дөн 1000 сомго чейин акча каражаттарын таратып жүргөн адамдарды байкагандыгын билдиришкен. «Интербилим Ош» уюмунун байкоочулары Ош жана Жалал-Абад облустарында шайлоочуларга комиссиянын өкүлдөрү  белгилүү бир партия үчүн добуш берилген бюллетендерди берүүсү үчүн тизме боюнча атайын белгиси бар беткаптар таратылгандыгын аныкташкан.

Шайлоочулар кайсы бир партия үчүн добуш бергендигин далилдеп бериши үчүн «үгүттөөчүлөр» шайлоо бюллетенинин сүрөтүн көрсөтүүнү талап кылышкан. «Таза шайлоо» ассоциациясынын жетекчиси Эдир Бова 5 октябрьда билдирүү жасап, анда шайлоо бюллетендерин сүрөткө тартып алуу аракеттери абдан көп жолу байкалгандыгын айткан. Мындай учурлар Жалал-Абад, Талас, Бишкекте катталган.

16-ноябрда «Биринчи радиодо» маек берип жатып, БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов эгемендүүлүк алган күндөн тарта добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу көйгөйү чечилбей келгендигин моюндаган: «Кылмыштар жана жоруктар кодекстерине киргизилип жаткан оңдоолорго карабастан, аталган нерселер жоюлбай келет»,-деген ал. А. Бекматов парламенттик шайлоодо кетирилген мыйзам бузуулар боюнча материалдар дыкат изилденгенден кийин чаралар кабыл алынса, келе жаткан шайлоодо бузуулар алда канча аз болот деп божомолдогон.

«Андан сырткары административдик ресурс бар. Шайлоочуларды автобустар менен ташып, мугалимдер менен медиктерди бирөөлөр үчүн добуш берүүгө мажбурлашат... Мындай учурлардын санын азайтуу үчүн биз чара көрүшүбүз керек»,-деп айткан А. Бекматов.

Партиялар ичиндеги манипуляциялар

Партиялардын ичинде андан кем калбаган бузуулар болгон. Алардын кээ бирлери шайлоого эки-үч ай калганда түзүлгөндүгү аз келгенсип, талапкерлер тизмеде биринчи ондуктун ичине кирүү үчүн өтө чоң суммадагы акча каражатын төлөшү керек болгон.

«Тизмеде алгачкылардан болуш үчүн кээ бирлери 500 миң, 1 миллион доллардан акча беришкен»,-деп билдирген тталапкер Марлен Маматалиев.

Андан сырткары, көптөгөн партияларда айтылбаган саясий технология бар- алгачкы орундарга аты белгилүү адамдарды: артисттерди, жарандык активисттерди, журналисттерди чыгарышып, кийин шайлоодон кийин өздөрүнө керек же акчалуу талапкерлерди алып келүү үчүн аларды депутаттыктан баш тартууга мажбурлашат. Мындай кырдаалга 2015-жылкы шайлоодо экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова туш болгон. Ал шайлоого «Республика» партиясынан катышкан. Кийин партия шайлоодон жеңишке жеткенден соң көптөгөн талапкерлерди тизмеден чыгаруу аракети көрүлгөн. Башка депутаттардай эле, А. Исмаилова дагы партия менен соттошууга чейин барууга аргасыз болгон.

Күнөлүү партиялар жазасын ала элек

2020-жылдын 5-октябрында, бийликчил үч партия жана араң дегенде 7 пайыздык босогодон өтө алган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы жеңишке жеткендиги тууралуу шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин көп адамдын катышуусундагы митинг башталган. Бирок жаш балдардын тобунун провокациясынан улам укук коргоо органдары митингдин катышуучуларын күчкө салып таратууну баштаган.  Жыйынтыгында митингдин катышуучулары менен милициянын ортосунда кагылышуулар башталган. 6-октябрьга караган күнү митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын басып алышкан, Бишкекте ал бийлик кулагандыгынын белгиси болгон. Ошол эле күнү БШК өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Кагылышуулардын жыйынтыгында 19 жаштагы бала каза болуп, миңден ашуун жаран жаракат алган.

Андан кийинки окуялар көз ачып жумганча өзгөрүп, бийликке адамды туткундоо жана бийликти басып алуу аракети үчүн соттолгон Садыр Жапаров келген. Анын тарапташтары коркутуп-үркүтүү жана күчкө салуу жолу менен президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө аргасыз кылган.

Логика боюнча, шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандан кийин, БШК жаңы шайлоону өткөрүүнү белгилеши керек эле. Бирок окуялар такыр башка өңүттө кетти.

Юрист Атыр Абдрахматованын айтымында, конституциялык мыйзамда эгерде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылса, БШК бир айдын ичинде жаңы шайлоону белгилеши керектиги так жазылган.

«БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин утуп алган партиялар кетирген мыйзам бузуулардан улам эмес, өлкөдө түзүлгөн социалдык-саясий кырдаалдан улам кабыл алган. Мыйзамда айтылган, эгерде саясий партиялар же талапкерлер кетирген мыйзам бузуулардан улам шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылса, анда ал талапкерлер шайлоого кайра катышуу укугунан ажыратылат. Мен БШК чечимди массалык мыйзам бузуулардын негизинде чыгарышын талап кылгам. Биз буга катышкан партиялар менен талапкерлерди аныктай алышыбыз үчүн. Болбосо БШК ката кетиргендигин мойнуна алып, башка курам келиши үчүн кетүүбүз керектигин сунуштадым. Бирок, тилекке каршы, добуштардын көпчүлүгү менен аталган чечим өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалдан улам кабыл алынган деп табылган»,-дейт Атыр Адрахматова.

Бирок БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, БШК бул чечимин мындан кеңири негиздерден улам кабыл алган. «Ал жерге бир нече себеп кирген, анын ичинде Атыр Абдрахматова жазганы дагы бар. Бирок ал айтып жаткан нерсе- аспекттердин бири гана. Сөз шайлоо процессинин абийирсиз катышуучулары тууралуу болуп жатса, биз бир гана партияларды эмес, экинчи жагы- уялбай туруп добуштарын саткан адамдар тууралуу дагы айтуубуз керек, мен аларды социалдык-саясий жоопкерчилиги төмөн адамдар деп атайм»,- деп түшүндүрөт К. Осмоналиев.

К. Осмоналиевдин айтымында, ал учурда кырдаалдын толук анализи жок болгон, анткени 2020-жылдын 6-октябрында конфликттин эскалацияланып кетүү коркунучу болгон. «Ал учурда Жогорку Кеңштин имараты талкаланып, өрттөлгөн. Кээ бир топтор БШКга келип, ал жерде дагы ошондой кылууну пландап жаткандыгы тууралуу маалыматтар болгон. Ал эми бизде бир дагы милиция кызматкери жок болчу, болгону 3 коопсуздук кызматкери менен аялдар болгон. Ошондуктан  көпчүлүк жактан бул саясий чечим болду, анткени ошол учурда эң чоң коркунучту алдына алуу өтө абзел эле»,-деп жыйынтыктайт БШК мүчөсү К. Осмоналиев.

«Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн көз карандысыз байкоонун жыйынтыгы боюнча, парламенттик шайлоонун негизги мыйзам бузуулары катары Форма№2ни жапырт колдонулушу менен кыйыр тастыкталган добуштардын сатылышы жана административдик ресурс болгон. Мындай мыйзам бузууларды жоюуу максатында, коомдук фонд укук коргоо органдарына аталган фактыларды токтотуу үчүн иш-аракеттерди жана аталган фактылар боюнча түшкөн арыз билдирүүлөрдү кароону күчөтүүнү сунуштайт.

2020-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Жогорку Кенештин депутаттарын тандоонун жүрүшүндө катталган бузууларды Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 1-бөлүгү «Шалаакылык» фактысы боюнча каттоого алып, Кылмыш процессуалдык кодексинин 33-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген. Тергөө азыркы күнгө чейин уланууда.

БШК шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген, бирок ал чечим сот аркылуу жокко чыгарылган.

Мыйзам бузууларга күнөөлүү деген талапкерлер дагы, партиялар дагы атала элек, ал эми коомчулук мыйзам чыгарууга оңдоолорду киргизүү процессине аралашып кетип,  баардыгы дискуссияга кетти. Жарандык көзөмөл комитетинин көз карандысыз юртсттеринин пикиринде, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кезексиз президенттик шайлоону жана Кыргызстанда бир мандаттуу шайлоо системасын киргизүүдөн сырткары президенттин институтун күчөтүү аркылуу башкаруу формасын өзгөртүүнү пландап жаткан Конституциянын формасын өзгөртүүнү демилге кылууга укугу жок болчу. Ал шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамды орой бузуунун ордуна мурунку Конституция боюнча жаңы парламенттик шайлоо өткөрүшү керек болчу.

Бийлик үчүн болгон эрежесиз мушташ

Эксперттердин айтымында, эгерде шайлоодо көптөгөн мыйзам бузууларды кетирген партиялар менен саясатчылар аталбаса, анда 2020-жылдын октябрында болгон окуялар маанисиз болгон болуп калат.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов өткөн окуяларды революция деп атоого болбойт деп эсептейт. «Бул элдин шайлоонун жыйынтыгы менен болгон макулсуздугу, элге карата жасалган мамилеге карата болгон каршылыгы болгон. Иштин башкасы- анын жыйынтыгын башкалар колдонуп кетишти. Эл тазаланууну, жаңыланууну каалаган»,-дейт саясат таануучу.

Өз кезегинде саясат таануучу Элмира Ногойбаева мындан аркы саясий күрөш мурдагыдан дагы катуу болот деп эсептейт.

«Бир жөнөкөй себеп боюнча- эл капитал үчүн күрөшүп жатат. Каржылык эмес, саясий капитал үчүн. Анткени эгерде сясий капиталың болсо, анда сен адамдарды кызматтарга дайындап, формалдык жана формалдык эмес долбоорлорду илгерилете аласың. Саясий капиталың болсо, өз бизнесиңди ачуу, жүргүзүү жана жылдыруу алда канча оңой болот. Ошондуктан олигархтар, бизнесмендер- каржылык, өзгөчө формалдык эмес капиталы барлар- саясий капиталга муктаж. Ошондой эле парламентке иммунитетке муктаж адамдар барышат. Бул максат менен ал жерге жалгыз адамдар гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөлөр барышат»,-дейт Ногойбаева.

Муну менен, бийликке жулунган олигархиялык күчтөр эгерде жакынкы убакта шайлоо боло турган болсо, алар парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылаарын түшүнүп турушат. Ошондуктан жаңы созывга бийликчил партиялардын курамында жулунган учурдагы чакырылыштын депутаттарынын 75 пайызы конституциялык мыйзамдын эки беренсинин ишин токтоткон жаңы мыйзам долбоорун колдоп, өз ыйгарымдарын 8 айга узартып, парламенттик шайлоону кеч убакытка жылдырышты. Алар бийликте калуунун айласын эмне болсо да табыш үчүн Конституцияга кандай гана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталбасын, баардыгын колдоп берүүгө даяр сымал.

«Жаңы жүздөр» басылмасы материалды даярдоодо көрсөткөн колдоосу үчүн «Жалпы иш» Коомдук фондуна жана өлкөнүн тагдырына кайдыгер эмес эксперттерге пикири менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Лейла Саралаева  

Тизмеге кайт