“Биримдик” партиясы өткөн шайлоодо эң чоң шайлоо фонддорунан бирөөсүн кантип топтогон

09.03.2021
“Биримдик” партиясы өткөн шайлоодо эң чоң шайлоо фонддорунан бирөөсүн кантип топтогон

Өткөн парламенттик шайлоодо Биримдикпартиясынын шайлоо фонду 97,5 млн. сомду түзүп, чоңдугу боюнча үчүнчү орунду ээлеген. Бул сумманын ичинен 32,6 млн. сому жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук жардамы болгон. Башкача айтканда, карапайым адамдар партия шайлоо алдындагы үгүттү эсебинен жүргүзгөн сумманын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн чогултушкан. 

Economist.kg финансылык басылмасы өз иликтөөсүн жүргүзүп, анда адамдар “ыктыярдуу кайрымдуулугун” өз каражаттарынан эмес бергендиги аныкталган. Аларга белгисиз гана акчалар берилген, алар акчаны партиянын расмий эсебине өз атынан салышы керек болгон.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча партиялардын шайлоо фонддору талапкерлердин, партиялардын өз каражаттарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн.

Мыйзам боюнча жеке адамдар партиянын эсебине сала турган максималдуу сумма 200 миң сомду түзөт. “Биримдик” партиясы – 163 жаран максималдуу уруксат берилген сумманы кайрымдуулук кылып ага өткөргөн жападан-жалгыз партия:

“Мага банкка кирердин алдында 200 миң беришкен”

Редакция өз булагынан “Биримдик” партиясынын штабынын жайларды тазалоочу персоналга чейин көптөгөн кызматкерлеринин “кайрымдуулук кылуу” үчүн партиянын шайлоо фондуна акча которуу максатында жөнөтүлгөнүн билди. Бул тууралуу журналисттерге “Биримдик” партиясынын шайлоо алдындагы штабынын мурдагы кызматкери айтып берди.

“Биз түшкү тамактануу учурунда РСК-Банкка бардык. Түшкү тыныгууга карабастан биз үчүн атайын кассаны ачышты. Банктын жанында кызматкерлерди чогулткан партиядан бир аял сумкада акча көтөрүп жүргөн. Мени жөн гана кол коюшуңуз керек, бул жөн гана “ыктыярдуу”, эч ким эч нерсе билбейт, жүзүңүз байкоого алынбайт деп ишендиришти”, - деди атын жашыргысы келген штабдын кызматкери.

Штабдын кызматкери айтып жаткан күн – 2020-жылдын 19-августу. Мына ошондо “Биримдиктин” эсебине “ыктыярдуу” акчанын чоң көлөмдө салынышы болгон - 66 адам ар бири 200 миң сомдон кайрымдуулук кылган. Натыйжада, партиянын эсебине ошол эле күнү 13,2 млн. сом түшкөн. 

Менден жөн гана суранышкан”

Август айынын ар башка күндөрү 5, 10, 30 адамдан турган топтор партиянын эсебине акча которушкан.

Редакция партияга 200 миң сом кайрымдуулук кылгандардын катарында турган бир нече адам менен байланыша алды. Аты-жөнүн жашыруу шарты менен, алардан партиянын эсебине акча которууну суранышканын жана аларга акча берилгенин алар тастыкташты.

“Алар мага 200 миң беришкен, мен РСКга барып, мага айтылган эсепке салгам. Мен бул кандайдыр бир эрежелерди бузуп жатканын билген эмесмин. Бул үчүн мага эч ким эч нерсе төлөгөн жок, жөн гана суранышкан”, - деди алардын бири.

Башка даректерди кыдырып, редакция партияга каражат кайрымдуулук кылгандардын тизмесинде турган дагы бир нече адамдан ырастама алды. Алардын баарына жөн эле 200 миңден берилип, аны банкттагы эсепке которууну суранышкан.

Биз таптакыр бийликти колдогондордон эмеспиз

Журналисттер тизмедеги жарандардын үйлөрүн кыдырганда, ал адамдын өзү үйдө жок болсо, туугандары алардын үй-бүлөсүнөн эч ким кайрымдуулук кылган жок деп ишендиришкен, анткени аларга ал адамдын кайрымдуулук кылганына ишенүү кыйын болгон.

Бир даректен журналисттер кайрымдуулук кылган адамдын бир тууганы менен сүйлөшө алышты. Партиянын шайлоо фондуна агасынын кошкон салымы жөнүндө билесизби деген суроого, ал киши аябай таң калды.

“Биз колунда бар адамдарбыз, бизнесибиз бар, бирок мындай акча... Бизде албетте мындан дагы көп бар, бирок азыр биз үй куруп жатабыз, ал жакка жумшашыбыз керек, анын үстүнө бул 200 миң. Жана биз такыр бийликти колдогондордон эмеспиз. Биз “Реформаны” көбүрөөк колдойбуз», - деди аты-жөнү анын коопсуздугу үчүн ачыкка чыгарылбаган киши. 

Ыктыярдуулар жана алардын турак жайлары

Редакция 163 ыктыярдуулардын айрымдарын таап, “Биримдик” партиясы менен болгон байланышын билип алуу үчүн алардын ар бири боюнча ачык маалыматтарга талдоо жүргүздү.

Кайрымдуулук кылгандардын бир нече даректери жана маалыматтары ачык маалымат базаларынан, калгандары социалдык тармактардан табууга мүмкүн болгон. Журналисттер Бишкектеги жана анын чет жакаларындагы даректерге алар менен жеке сүйлөшүү үчүн барышты.

Эс алуу күнүнө карабастан, алардын көпчүлүгү үйдө болбой калган, бирок көпчүлүк үйлөрдүн турак жай көрүнүшү өзү эле жоопту билдирип турган:

Оң жактагы сүрөттө Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндө дөңгөлөктөрдү орнотуу тейлемеси көрсөтүлгөн. МСКнын маалыматтар базасына ылайык ыктыярдуулардын бири ушул дарекке катталган. Цехтин кызматкерлери бул дарек турак жай эмес экендигин билдиришти.

Партиянын шайлоо фондуна өз каражаттарын салган башка жарандардын үйлөрү спутник аркылуу табылды:

Шайлоо фонду эмне үчүн керек 

Жогоруда айтылгандардан кийин, эмне үчүн шайлоо фонду менен ушундай татаал манипуляцияларга барышат деген суроо туулат. Жооп жөнөкөй: үгүт жүргүзүү үчүн партиялар шайлоо фондунан гана каражаттарды колдоно алышат жана бардык операциялар банк аркылуу ачык-айкын жүргүзүлүшү керек.

БШК мүчөсү Гульнара Джурабаеванын айтымында, депутаттыкка талапкерлер үгүт учурунда көп акча коротушат, бардык ЖМК жана башка жарнамалык аянтчалар расмий иштейт жана партиянын бардык чыгымдары БШКнын отчетторунда чагылдырылат. Партиялардын бардык кызматтарынын акысын төлөө үчүн чоң шайлоо фондун түзүшөт. 

Джурабаева белгилегендей, партия шайлоо фондун түзүү үчүн  жалган адамдарды колдонгон учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө жүргүзүү үчүн прецедент болуп саналат.

“Формалдуу түрдө бардык мыйзамдар сакталды, бирок биз кимдин акчасы экендигин билбейбиз да. Бул каражаттар террорчулардан, чет мамлекеттерден, криминалдан жана башкалардан эмес экендигин билишибиз керек”, - деди ал. 

Баса, “Биримдик” партиясынын расмий сайты иштебей калды, ал эми мурдагы кызматкерлер “таптакыр эч кандай байланыш жок” деп ишендирип жатышат. Партиянын маалымат кызматына жөнөтүлгөн сурамга редакция жооп алган жок.

Дагы ким акча салган

Партиянын талапкерлеринин расмий тизмесин жана кайрымдуулук кылгандардын тизмесин салыштырганда айрым ачык-айкын туугандык байланыштарды дагы аныктоого мүмкүн болду: 

  • Партиянын тизмесиндеги №2 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич – кайрымдуулук кылуучу Кочкоров Асылбек Тойчубаевич
  • Тизмедеги №10 Жумаев Гульжигит Бекболотович - кайрымдуулук кылуучу Жумаев Чыңгызхан Бекболотович
  • №23 Осмонов Замирбек Бабакулович - кайрымдуулук кылуучу  Осмонов Рамис Бабакулович
  • №42 Жолболдуев Памирбек Бакыевич — кайрымдуулук кылуучу Жолболдуева Бүбүсара Бакыевна
  • № 176 Абдиев Роман Жанышевич — кайрымдуулук кылуучу Абдиев Аббас Романович
  • № 200 Султанкулова Гүлжан Касымалиевна - кайрымдуулук кылуучу  Султанкулова Гүлжан Касымалиевна  

Ошондой эле, партиянын тизмесиндеги №200 талапкер Гүлжан Султанкулова 200 миң сомду жеке жак катары ыктыярдуу кайрымдуулук кылган. 

Борбор калаанын жашоочуларынан тышкары, кайрымдуулук кылуучуларды каттоо географиясы кеңири жана бүткүл Кыргызстанга жайылган. МСКнын ачык маалыматтар базасында ыктыярдуулар Ош, Нарын, Баткен, Балыкчы, Токтогул, Кайыңды, Майлуу-Суу, Кербен, Кочкор-Ата шаарларында, ошондой эле райондук борборлордо жана Ала-Бука, Бөкөнбай, Кара-Коо, Чоң-Өрүктү, Кароол, Комсомол айылдарында жана башка көптөгөн айылдарда катталганы көрсөтүлгөн.

Партиянын эсебине акча каражаттарын салган калган адамдар жөнүндө айта турган болсок, алар жөнүндө ачык маалыматтар базаларында маалымат же аз, же такыр жок. 

Economist.kg финансылык басылмасы биздин материалды даярдоого көмөк көрсөтүшкөндүгү үчүн Жалпы иш” коомдук фондуна ыраазычылык билдирет.

Тизмеге кайт