Муну баардык партиялар кылат...

09.03.2021
Муну баардык партиялар кылат...

COVID-19 пандемиясынан улам шайлоо алдындагы процессинин убактылуу токтотулушу шайлоочуларды сатып алуу  деген  илгертен эле келе жаткан көйгөйдү ачыктыды. Саясий партиялар массалык түрдө гуманитардык жардам таратууну баштап, аны менен көпчүлүк эксперттердин баамында Кыргыз Респуликасынын Конституциясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө»  жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузушкан. Аталган бузуулар дээрлик баардык шайлоолор учурунда орун алып, аны менен чынчыл, таза жана так элдик шайлоону өткөрүү идеясын жокко чыгарат.

2020-жылдын 12-апрелинде Кыргызстандын бир катар айыл аймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо  өтүшү керек эле.  Бирок, 2020-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өзгөчө кырдаал режими киргендигине байланыштуу «шайлоо процессинин этаптарын реализациялоо боюнча иш-чаралар» токтотулган. Кыргызстанда ӨК режими коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.

Ачка калгандарга жардамбы же сатып алуубу?

COVID-19 пандемиясы кыргызстандыктардын жашоосуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди.  Жарандардын көпчүлүгү изоляциядагы жашоо шарттарына даяр эмес болушкан. Кнүнүмдүк жашоого каражат булагы болгон жумуштан ажырап, эл оор кырдаалга туш болду.  Дал ушул учурда саясий партиялар гуманитардык жардам таратууну баштады.

Социалдык тармактарда жаш уландардан азык-түлүк салынган баштыктарды алып, ыраазычылыгын билдирип, кубанып жаткан чоң ата-апалардын, көп балалуу энелердин, бала-бакыралардын сүрөттөрү  көбөйдү.  Ал баштыктар кайсы партиянын атынан берилип жаткандыгы дап-даана эле көрүнүп жатты, анткени алардын логотиптери баштыктардын беттеринде жазылган: бири Кыргыз либерал-демократиялык партиясы,

«Бирик» партиясынын активисттери аталган партиянын аталышы жазылган коргонуу каражаттарын кийип алып, короолор менен кеңселерди тазалап жүрүшөт.

«Биримдик» партиясынын өкүлдөрү аталган партиянын буклеттерин таратылып жаткан гуманитардык жардам салынган баштыктарынын ичтерине салып коюшкан. 

Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Улан Примовдун фонду депутаттын ысымы жазылган мүшөктөрдө ун таратып жүрөт.

Депутаттардын дагы бири Искендер Матраимов анын атасынын атындагы кайрымдуулук фондунун атынан КамАЗдаган гуманитардык жардам ташылып жаткандыгы кесипкөй түрдө тартылган сүрөттөрү менен бөлүшүүдө.  Эл өкүлү аталган ак ниеттүү иштерди анын агасы Райым Матраимов аткарып жаткандыгын  өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында такай негизде эскертип турат.

«Жалпы иш» Коомдук фондунун юристи Таалай Асылбеков 2020-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын президенти өлкөнүн кээ бир аймактарында жергиликтүү кеңештерине шайолоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгондугун эскертет.  Тагыраак айтканда, шайлоо алдындагы жарыш февралда эле башталган. 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештерин шайлоо жөнүндө»  мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 28 беренесине ылайык,  шайлоо жарыяланган учурдан тарта ал аяктаганга чейин, тагыраак айтканда жыйынтыктар белгилүү болгонго чейин партиялардын өкүлдөрүнө, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрүнө  ар кандай кайрымдуулук багындагы ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган»,-деп белгилейт юрист.

Бир катар укук коргоочулар менен БШК мүчөлөрү тынчсызданып, саясий партиялар пандемия учурунда кайрымдуулук менен алектенүү менен, шайлоо алдындагы мыйзам чыгарууну орой бузуп жатышкандыгын билдиришти.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова позициясын төмөнкүдөй түшүндүрөт: «23-мартта Президент пандемияга байланыштуу өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилип, ага байланыштуу шайлоо алдындагы жараян токтотулуп жаткандыгы тууралуу жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү БШК тарабынан саясий партияларга үгүттөө иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алган.  Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, саясий партиялар шайлоо өтө турчу аймактардагы баардык үгүттөө материалдарын, билборддорун алышы керек эле. Бирок партиялардын баардыгы эле чечимди аткарышкан жок, Ош жана Каракол шаарларында билборддор калып жатты.  Партиялар гуманитардык жардамды массалык түрдө жеткире баштады, кээ бирлери жада калса баштыктардын ичине үгүттөө материалдарын салып жатышты. Башкалары болсо партиялардын логотиптери бар костюмдарды кийип алыпі, санитардык-эпидемиологиялык иштерин жүргүзүп жатышты. Мунун баарын алар социалдык тармактарда жайгаштырып жатышты. Мындай айтканда, партиялар пандемия учурунда элдин жакырлыгы менен колдонуп, саясий упай топтоп жатышты».

Оштогу «Интербилим» эл аралык борбору БШКга арыз менен кайрылып, БШКнын чечимине карабастан саясий партиялар мыйзамсыз үгүттөө иштерин жүргүзүп, кайрымдуулук жардамын таратып жаткандыгын билдирген. «9-апрелде арыз каралгандан кийин, шайлоо өтө турчу шаарлар менен аймактарда гуманитардык жардам таратуу, жана кайтарымсыз негизде кызмат көрсөтүү мыйзам бузуу болуп санала тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынган.  БШК саясий партияларга кайрылып, эгерде алар жардам көрсөткүсү келсе, аны Республикалык штаб аркылуу жүргүзүүсүн суранган.  Бирдиктүү борбордо жардамга муктад адамдар тууралуу баардык маалыматтар бар, жана жардамды мамлекет өзү бөлүштүрө алмак.  Ал эми партиялар болсо мамлекет жардамды канчалык деңгээлде тең бөлүштүрүп жаткандыгына көз сала алышмак.  Тагыраак айтканда, алар баштыктап жардам таратканча, штабдын иш алып баруусун көзөмөлдөй алат эле.  БШКнын гуманитардык жардам таратуу мыйзам бузуу деп табылгандыгы тууралуу чечими аталган мекеменин расмий сайтында жана ММКда жарыяланган. Партиялар бул чечим тууралуу билишкен.  Жана ал чечимди бир дагы партия жокко чыгарууга аркет кылган жок»,-дейт Атыр Абдрахматова.

Мыйзамды буздуңбу -  жарыштан чык

Бирок, тыюу салынгандыгына карабастан, саясий партиялар, өзүнчө талапкерлер жана учурдагы депутаттар жашыруун кайрымдуулук менен алекетенип жатышты, бул болсо, Атыр Абдрахматованын ою боюнча, шайлоо мыйзамын бузуу болуп саналат.

«Шайлоону убактылуу токтотуу, аны кантип улантуу керек жана анын ортосунда эмне болушу керектиги биздин мыйзамда регламенттештирилген эмес. Саясий партиялар менен юристтер гуманитардык жардамды таратууну бузуу деп эсептеген жери жок, анткени, шайлоо жараяны токтотулган, ал эми эл муктаж болуп жаткан эле.  Бирок бул мыйзамдын көйгөйлөрүн колдоунуп,  биздин калк туш болгон жакыр кырдаал менен аша чабууга болот дегенди билдирбейт.  Ар бир үй-бүлө азык-түлүк менен баштык алууга даяр эле, анткени карантиндин айынан эшикке чыгууга, жумушка барууга тыюу салынып, эл жашоого каражаты жок калган. Ал эми партиялар болсо бул кырдаал менен колдонуп кетишти»,-дейт БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова.

БШКнын бир катар мүчөлөрү шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн БШК гуманитардык жардам таратууга тартылган партиялар менен талапкерлерди каттоодон алышы керек деген ой менен коомдук мейкиндикте бөлүшкөн.

БШКга арыз жөнөткөн «Интербилим-Ош» мекемесинин жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева дагы саясий партиялардын гуманитардык жардам тараткандыгын бузуу деп баамдайт. «9-апрелдеги жыйында БШК шайлоодо катыша турган саясий партиялар менен талапкерлерди, өзгөчө ыйгарым-укуктары токтотулган депутаттарды гуманитардык жардам таратууну токтотууга чакырган.  Дээрлик бардык партиялар гуманитардык жардам тараткан.  Жергиликтүү АШК мүчөлөрү  бул фактылар боюнча түшкөн арыздарды карап чыгып,  бул иш-аракеттер бузуу болуп санала тургандыгын же жоктугун, жана тиги же бул талапкерди жарыштан чыгаруу керектиги тууралуу чечим кабыл алышы керек эле. Партиялар дагы кайра чакыртылышы керек болчу».

Саясат таануучу Медет Тулегенов мыйзамдын көз карашы боюнча, партиялардын көйгөйлөрү бар деп эсептейт.

«Эгерде шайлоо дайындалса, шайлоочуларга материалдык баалуулуктардын берилиш аларды сатып алууга тең болот. Демек, бул азык-түлүктөрдү тараткан бир катар партиялардын мыйзам жагынан караганда, көйгөйлөрү бар.  Бул шайлоо учурунда жасалбаса дагы, баары бир шайлоочулар менен иштөө болуп саналат, жана моралдык жактан караганда аларды сатып алуу болуп саналат. Колго баштык таратуу менен жерлердеги коом үчүн инфраструктураларды салышууга чейин, бул эки нерсенин ортосундагы чек өтө ичке, сатып алуу кайда, ал эми маселелерди чечүүдө жардам берүү кайда?  Эмне болгон күндө дагы, бул жашыруун шайлоочуларды сатып алуу болуп эсептелиши мүмкүн»,-деп эсептейт Тулегенов.

Гүлгакы Мамасалиева дагы бул ойго кошулат: «Моралдык жактан караганда, бул иш-аракеттер- эл оор кырдаалга кабылып, жардамга муктаж болуп жаткан учурда ага басым көрсөтүү болуп саналат.  Муну шайлоочулардын оор кырдаалын колдонуп, спекуляция жасоо деп атайт элем.  Моралдык көз карашта бул – жаман көрүнүш, дал ошол үчүн биз БШКга жергиликтүү кеңештерди шайлоону башка мөөнөткө, жада калса кийинки жылга жылдырууну сунуштап жатабыз. Шайлоо пандемия учурунда болбошу үчүн.  Анткени шайлоо дайындалган аймактардын баардыгында гуманитардык жардам таратылып жатат».

«Бул абсурд!»

Социал-демократтар партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков БШКнын пандемия учурунда гуманитардык жардам таратууга катышкан партияларды каттоодон алуу же такыр каттабай коюу тууралуу сунушун абсурд деп атады. Бул жаңы партия пандемия учурунда кроунда жок үй-бүлөлөргө активдүү жардам көрсөтүп келген.

«Мыйзам боюнча, президент шайлоо дайындалгандыгы тууралуу жарлыкка кол койгон учурдан тарта үгүттөө иштерин жүргүбөө керек. Пандемиянын айынан шайлоо алдындагы жарыш убактылуу токтотулган.  Маанилүү көз караштан караганда, Кыргызстандагы саясий партиялар шайлоо алдында гана чогулган партиялар  болгондугун токтотушу керек.  Саясий партиялар жалгыз гана шайлоо убагында эмес, такай негизде институттар катары иштөөсү керек.  Ошондуктан, партиялардын шайлоо жок эле мобилизацияланып, элге жардам бере алгандыгын оң фактор деп эсептөө абзел.  Тескеринче, бул баардык мамлекеттерде жакшы кабыл алынат.  Биздин партиянын азык-түлүк тараткандыгы пиар болгон эмес, биз бул ишти мамлекет жетишпей жаткандыгынан улам жасадык»,-дейт Султанбеков.

Бул ойго Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Дастан Бекешев дагы кошулат: «Бул иш-аракеттер сатып алуу эмес, анткени шайлоо алдындагы кампаниянын өзү токтотулган. Жана азыр дагы, эгерде депутаттар гуманитардык жардам тарата турган болсо, ал шайлоочуларды сатып алуу болуп саналбайт. Эгерде шайлоо алдындагы кампаниясынын маалында, шайлоо кампаниясынын маалында, шайлоо дайындалган учурдан тарта шайлоо күнүнө чейинки аралыкта ушундай иштер жүргүзүлсө- ошол добуштарды сатып алуу болуп саналмак.  Бирок шайлоо алдындагы иштерди токтотуу тууралуу жарлыкка кол коюлган.  Жана азыркы күндө талаш-тартыштуу юридикалык кырдаал түзүлүп калды. Ошондуктан ар бир сабаттуу жактоочу эч кандай сатып алуу жок экендигин далилдеп берет».

«Эл ар бир жардамга кубанычта!»

Бишкектеги үйлөрдүн бирлеринин комитет башчысы Насипа эженин айтымында, ар бир шайлоонун алдында саясий партиялар короону жакшыртууга катышып калышат.

«Саясий партиялар шайлоолордун алдында жардам берип калышат. Акыркы президенттик шайлоо алдында биздин короого эки отургуч менен карусель коюп беришкен.  Ал эми парламенттик шайлоонун алдында биздин селкинчектерди боеп, таштанды таштоочу урналарды коюшту»,-дейт Насипа эже.  «Мен муну добуш топтоо деп эсептебейм.  Ушундай кылса дагы жардам беришсин.  Анткени алар депутат болушканда, биз аларды кайдан табабыз?  Биз, үй комитетинин төрагалары иштеп, чуркап жүрөбүз, бул болсо бираз болсо да жардам. Чыгымдарга өзүбүздө  акча жок».

Анын айтымында, коронавирус пандемиясынын айынан шаардык кеңештин депутаттарынын бири колунда жок үй-бүлөлөргө азык-түлүк  бар баштыктарын тараткан.

«Баштыктар жакшы, көлөмдүү болчу. Аларга 10 килограмм орусиялык ун, казакстандык ундан жасалган кесме, кум шекер, чай жана коюлтулган сүт салыныптыр. Карантиндин айынан жумушу жок калган көптөгөн жашоочуларга таратылды. Андан сырткары, депутат пенсионерлерге дары-дармек үчүн каражат бөлүп берген. Кичи район боюнча ар бир үйгө ар кандай партиялар менен талапкерлер жардам көрсөтүп жатышкандыгын билем»,-дейт Насипа эже.

Бул жардам аны берген партиялар үчүн үй комитеттери үгүттөө иштерин жүргүзүшүн көздөөрүн, бирок Насипа эже андай иш-аракеттерди  жасабарын айтат.  Айылдардагы шайлоо алдында талапкерлер кой союп, айылдагы трансформаторлорду оңдоп берүүнү убадалашат, бирок жыйынтыгында, эң көп дегенде шам чырактарды алмаштырып коюшат.  Жана, белгилей кетсек, бул жолкусунда партиялар гуманитардык жардам таратуу менен эле чектелишти, алар кризистен чыгуу боюнча реалисттүү жана конкреттүү чараларды сунушташкан жок.

Добуш сатып алуу-бул илгертен келе жаткан тажрыйба

Кыргызстанда, баардык эле мурунку постсоветтик мамлекеттердегидей эле, добуштарды сатып алуу тажрыйбасы, гуманитардык жардам таратуу, коомдук колдонуудагы объекттерди оңдоп-түзөө ар бир шайлоонун электораты үчүн жагымдуу коштоочу учурларына айланган.

«Шайлоо алдында трансформаторлорду жана шам чырактарды алмаштырып берүү маселеси жаңы эмес.  Мындай тажрыйба добуш чогултуу үчүн көп жылдар бою колдонулуп келет. Жана мында партиялар дагы, шайлоочулар дагы катыша тургандыгын түшүнүү керек.  Тактай  кетейин: калктын колунда каражаты жок же жетиштүү эмес,  материалдык абалы начар бөлүгү бар, жана муну партиялар колдонушат.  Ошондон улам көп жылдан бери колдонулуп келген добуштарды сатып алуу тажрыйбасы пайда болгон»,-дейт «Жалпы иш» коомдук фондунун төрайымы Аида Сүйүндүева.

 

Аталган фонд Каракол, Ош жана Токмок шаарларында өтө турчу шайлоого байкоо жүргүзгөнү жатат.

«Бул тема бизди эң негизги себеп боюнча кызыктырат: биздин долбоор шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзөт.  Ал эми алардын жүрүшү жыйынтыгы ар бир тарапты канааттандырууга таасир бере турган көптөгөн факторлорго көз каранды.  Саясий партиялар кандай үгүттөө иштерин жүргүзүп, кантип үндөй тургандыгынан, электораттар менен кандай иш алып баргандыгынан келечектеги парламент менен шаардык же айылдык кеңештерге болгон ишеним көз каранды болот»,-дейт аталган фонддун жетекчиси. 

Сүйүндүеванын ою боюнча, калктын киреше деңгээли төмөн бөлүгүнө жардам көрсөтүүнү терс баамдоо туура эмес.  Жардам көрсөтүү аракетинин өзүндө оң элемент дагы бар. Бирок, баардыгы эле көрүнгөндөй оңой эмес.

«Парламенттин депутаттары аларга шайлоочулар материалдык жардам көрсөтүү, жергиликтүү же социалдык мүнөздөгү маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен кайрылып жаткандыгын көп айтышат.  Башкача айтканда, аймактардагы калк көйгөйдү чечип берүү суранычы менен жергиликтүү бийликтерге эмес, парламенттин депутаттарына кайрылышат. Чындыгында, мындай мүнөздөгү кайрылуулар көңүлсүз калбайт, жана депутаттар алардын эл менен ушундай формадагы иш алып баруусуна талап бар экендигин көрүп, аны көңүлгө алышат, аны менен шайлоочулар менен анча конструктивдүү эмес иш алып баруу тажрыйбасын жаратышат.  Ал эми электораттын башка жагы да бар, анда депутаттар тарабынан мындай иш аракеттер болгондо фрустрация пайда болот. Эмнеге?  Алар депутаттар жалпы улуттук, стратегиялык көйгөйлөрдү чеиши керектигин түшүнгөн калктын эң прогрессивдүү бөлүгү.  Мындан улам, бир жагынан саясатчылар жергиликтүү кеңештердин сурактарына жооп берип, экинчи жагынан глобалдуу ой жүгүрткөн жарандардын үмүттөрүн аткара албай калган кырдаал түзүлөт»-дейт «Жалпы иш» коомдук фондунун жетекчиси.

Аида Сүйүндүеванын байкоосу боюнча, акыркы күндөрү коом парламенттин ишине сындуу мамиле кылууда.

«Мүмкүн карантиндин айынан, же үй-бүлөлөрдүн материалдык абалынын начарлашынан, экономиканын деңгээлинин төмөндөшүнөн улам жарандар парламенттин, жана ошондой эле өзүнчө депутаттардын ишине дыкат байкоо сала баштады.  Парламент олигархизацияланып кеткендиги, башкача айтканда шайлоодогу босогону колунда бар партиялар эле өтүп, башка партиялар калып калып жаткандыгы тууралуу маселе көп козголо баштады. Бул талкуу эл өзгөрүүнү талап кылып жаткандыгынан кабар берет».

Биздин «Жалпы иш» фондун партиялардын партия каналдары аркылуу колунда жокторго материалдык жардам көрсөтүүгө канча каражат короткондугу, партиялардын каржылоо булактары кандай экендиги,  гуманитардык же башка жардамдын жергиликтүү деңгээлде жайылтуу тажрыйбасы партиялардын узак мөөнөттүү партиялык курулуш маселелерин чечүүгө канчалык жардам бере тургандыгы кызыктырат. Бизди кызыктырган дагы бир маанилүү маселе, эмне үчүн партиялар шайлоолор ортосундагы аралыкта партия курууну системалык негизде жүргүзбөгөндүгү. Партияларга дүйнөлүк тажрыйбада натыйжалуу жана перспективалуу деп табылган үгүттөөнүн башка формаларын колдонууга эмне тоскоолдук кылат.  Биз жооп издеген бир катар суроолор бар, жана изилдөө аркылуу гана прогрессивдүү кеңештер деңгээлине чыгууга болорун түшүнүү керек»,-дейт Аида Сүйүндүева.

БШК мүчөсү Атыр Абрахматованын айтымында, азыртан эле, партиялардын жигердүү жардам тараткандыгын, шайлоо алдындагы шайлоочуларды каттоо массалык түрдө болгондугун көрүү менен, шайлоонун жыйынтыктары таза болбой тургандыгын айтууга болот.

«Бир нерсени түшүнүү керек, эгерде бийлик ушундай жол менен шайлана турган болсо, ал эртеси күнү шайлоочуга айтат: «Мен сага төлөдүм, мен сага азык-түлүк алып бердим, сени мыйзамсыз каттоого алдым, болду, биз эсептештик. Эми мен каалаганымды кылам». Жана кийинки төрт жылда депутаттар коомго көңүл бурбайт, алар каалаган чечимдерди кабыл алып, өз бизнесинин, өз жакындарынын  кызыкчылыктарын калкалап, жерлердин мыйзамсыз бөлүштүрүлүшүнө көзүн жумуп, шаарды же айылды жакшыртуу маселелерин чечпей, олигархтарга же административдик ресурска,  же байуунун жеке кызыкчылыктарына кызмат кылышат. Ошондон улам шайлоонун жыйынтыктары ушундай болуп, ушундай саясатчылар бийликке келип жатышат»,-дейт Абдрахматова.

Аны менени бирге, саясат таануучу Медет Тулегенов акыркы 10 жылда Кыргызстандагы шайлоо технологиялары жакшы жыйынтыкка жетишүү үчүн жакшыртылып жаткандыгын айтат, ага мисал катары добуштарды электрондук иүрдө эсептөө, шайлоочулардын такталган тизмелерин келтирет.

Ал добуштарды эсептөөдө махинацияларды жүргүзүү мурункудай күчтүү болбой, шайлоочу маанилүү болуп калгандан улам добуштарды сатып алуу күчөп жаткандыгын айтат. Тулегенов тактап кеткендей, «шайлоочунун ролунун өсүшү бир жагынан жакшы тендеция, ал эми бир жагынан кайгылуу кесепеттерди алып келет, ал- добуштарды сатып алуунун өсүшү».

«Коркунуч добуштарды сатып алуу кардарлык системаны өөрчүтүп жаткандыгында болуп жатат, анда партиялар шайлоочуга материалдык баалуулуктарды берип, ордуна добуш сурайт.  Мындай система шайлоо процесстерин анын башкы максатынан алыстат, ал эми анын максаты, чыныгы депутаттар менен партиялар эмне кылышы керек деген нерсени талкуулоо. Ал эми бул жерде баардыгы материалдык нерселерге такалып, транзакциялык алмашууларга алып келип жатат: мен сага бир нерсе берем, а сен мага добуш бер деген. Жана бул шайлоочу менен талапкердин өз ара мамилесинде депутаттын келечеги бүтүп жатат. Бул болсо, туура эмес»,-деп эсептейт саясат таануучу.

Базаркомдордун парламенти

Кыргызстандын учурдагы, алтынчы чакырылышынын парламенти эл ичинде базаркомдордун парламенти деген атка конгон. Албетте, эл өкүлдөрү бул сөздөргө таарынышкан, бирок, эгерде парламенттин расмий сайтында жайгашкан депутаттардын өмүр баянына көз чаптырсак, анда чындыгында эле көпчүлүгү-бизнесмендер.

Мисалы, КСДПнын 38 депутатынын 15- бизнесмен. «Республика-Ата-Журт» партиясынын 27 депутатынын 12- бизнесмен.  «Кыргызстан» партиясынын 18 депутатынын 8- бизнесмен.  «Өнүгүү-Пргресс» партиясынын 13 депутатынын 7- бизнесмен.  «Бир-Бол» партиясында 2, ал эми «Ата-Мекен» партиясында 5 бизнесмен бар.  Тагыраак айтканда, депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү соода-сатык тармагындагы бизнесмендер.  Эксперттердин айтымында, парламенттин бул курамы бийликке бузуулар аркылуу, тагыраак айтканда добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстун арты менен келген.

Алты жылдын ичинде учурдагы чакырылыштын парламенти адегенде Алмазбек Атамбаевдин, кийин Сооронбай Жээнбековдун толук көзөмөлү алдында экендигин көрсөтүп келген.  Акыркы айларда ал депутаттар бир катар антиконституциялык мыйзамдарды демилгелеп чыккан- «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга оңдоолорду киргизүү, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы. Аталган демилгелер эл ичинде катуу нааразычылык жаратты, жарандык активисттер аларды «элге каршы багытталган» деп аташты, бирок депутаттар эл оюна кулак салган жок. 25-июндун  түнүндө «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.  Аны кабыл алууда бир катар укуктук-ченемдик актылар жана Конституциянын беренелери бузулган.  Бул фактылар бийликте элге каршы мыйзамдарды колдогондор бар экендигинен кабар берет.

Добуштарды сатып алуу тажрыйбасын кантип токтотуу керек?

Келе жаткан шайлоолор Кыргызстандын тарыхындагы «эң кымбат» шайлоолор боло тургандыгын эксперттер азыртадан эле божомолдоп жатышат.

«Саясий партиялар атаандаштыкка тура алгандай болушу үчүн, аларга жылдан-жылга көбүрөөк ресурстар керектелип жатат.  Жана бул процесс дүйнө жүзү боюнча байкалууда.  Эгерде партиялар арасындагы атаандаштык күчтүү болсо, партиялар өз программаларынын маазмунуна жана сапатына, пландарга жана алардын аткарылышына көңүл буруп,  программалардын ийгиликтүүлүгүн өлчөй турган индикаторлорду иштеп чыгып аштайт, ал эми шайлоочулар кийин аларды текшере алышат.  Кыргызстанда азырынча басым каржылык булактардын көлөмүнө жасалып жатат, бирок технологиялардын өнүгүшү, маалыматтын жеткиликтүүлүгү менен алар жетишсиз экендигин түшүнүү зарыл.  Коомдо саясаттагы, экономикадагы жана кардиналдык өзгөрүүлөрдү талап квлган баардык нерседе жаңы жүздөргө талап пайда болду.  Жана саясий партиялар кечээ пайда болгон талаптарга жооп бере алышпайт»,- дейт аида Сүйүндүева.

Анын оюнда, Кыргызстандагы саясий курулуштун башаты деп 2010-жылды айтууга болот.  Дал ошол убактан тарта бири-бири менен атаандаша турган партиялык институттар, уюмдар негизделе баштаган.

«Биз партиялык процесс аталышындагы аныктаманын эң башталышында турабыз.  Биз ага болуп жаткан көп сын-пикирлерди байкоодобуз, бирок айтуу керек: биз тандап, колдоно турган ар бир тандоо системасында бизге программалары сапаттуу чечимдер жана өлчөнө турган индикаторлору бар саясий партиялар керек болот»,-деп эсептейт Сүйүндүева.

Саясат таануучу Медет Тулегенов азырынча добуштарды сатып алуу көйгөйү качан жана кантип чечиле тургандыгы белгисиз деп эсептейт.

«Кээ бирлер аң-сезимдин өсүүсүнө үмүттөнүүдө.  Кээ бирлери эл акча алса дагы адилеттүү добуш берип, аны түшүнгөн партиялар жыйынтыгы белгисиз болуп жаткан нерсеге көп каражат бөлбөй калат деп ишенет.  Бирок бул оор жана узак процесс.  Азырынча шайлоо процессии башка нукка келүүсү үчүн канча шайлоо цикли керектеле тургандыгын айтуу кыйын.  Анын үстүнө, эл добуштарды сатып алууга рационалдуу мамиле кылып жатканда: «Мен шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир тийгизбейм, ал эми акча ашык болбойт» деп.  Жана, качан элдин баары ушинтип ойлонгондо, кандайдыр бир массалык феномен пайда болот. Бирок шайлоочу анда тандоо бар экендигин көрө алса, акча берет же бербейт дегенге карабай, реалдуу талапкерлер менен кызыктуу партияларды көрө алса, анда, мүмкүн, акчанын орду азаят.  Бизде реалдуу атаандаштык, келечеккке болгон башка көз карашы барларды көргөнүбүздө, абал өзгөрөт. Ошондо гана шайлоочулардын эси дарты өзгөрүп, алар акчага азыраак маани берип калышат»,-деп эсептейт Тулегенов.

БШК мүчөсү Абдрахматованын оюнда, шайлоодо административдик ресурс колдонулса, добуштарды сатып алуу дагы боло берет.

«Бийлик өз талапкерин өз адамдары, баскычтары менен түртүп жатканда, альтернативада келе жаткандар шайлоодо өтүш үчүн андан башка жолдорду издеп табышат.  Бирок азырынча алар шайлоочуларды жаңы идеялар менен тарткандын ордуна, добуш сатып алууга гана чамалары жетүүдө. Алар жолдун жеңили менен келе жатышат. Ошондуктан, биз административдик ресурс менен териштирмейинче, добуштарды сатып алуу улана берет.  Бул ар бир шайлоонун жыйынтыктарын буза алган жуп сымал»,-деп эсептейт Абдрахматова.

«Жалпы иш» коомдук фондунда көңүл бурушкандай,  «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө» мыйзамынын биринчи бөлүгүнүн 7 беренесине ылайык, БШК шайлоо мыйзам чыгаруусунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. 7-беренесинин 2-бөлүгү бонча, БШК аталган мыйзам бузулгандыгы тууралуу укук коргоо органдарына кайрылып, текшерүү жүргүзүүгө суранууга укуктуу.

Бул негизде, Фонд БШК партиялардын гуманитардык жардам таратуудагы иш-аракеттерине көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүп, мыйзам бузуулар аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чара көрүүсү керек деп эсептейт.  Ошондой эле, материалдарды керек болгон учурда укук коргоо органдарына өткөрүп, гуманитардык жардам таратууа добуш сатып алуу жашыруун ниети болсо, ага кылмыштын курамын аныктоо үчүчн текшерүү уюштурууну кароону кеңеш кылат.

Көз карандысыз эксперттер менен байкоочулар саясий партиялардын жардам таратышы, албетте, гумандуу ниетте болушу гана мүмкүн, бирок бул иш-аракеттерде добуш сатып алуу аркылуу келе жаткан шайлоолордун жыйынтыгына таасир берүү  жашыруун ниети дагы байкалып жаткандыгын билдиришет.

Кыргызстандагы шайлоолордо административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алуу көйгөйү ар дайым болуп келген.  Мисалы, 90-жылдардын башында, Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев өз сөздөрүнүн биринде билдирген: «Эгерде кимдир-бирөө акча берсе, алгыла, эгерде тамак берсе-жегиле.  Бирок шайлоо күнү, кабинанын ичинде турганда, өзүңөр каалаган адамга добуш бергиле». Жыйырма жыл өткөн соң, «Бир Бол» партиясынын депутаты Алтынбек Сулайманов Акаевдин сөзүн кайталап, «Добуштарды кымабатыраак сатуу керек, миң сомго эмес, 20 миң сомго»,-деп  айткан.

Коронавируска байланыштуу шайлоо процессинин токтотулушу добуштарды сатып алуу жана административдик басым көрсөтүү көйгөйүн кайрадан ачыктады.

Учурдагы депутаттардын гуманитардык жардамды жигердүү таратып жаткандыгына караганда, алар кайрадан парлментке келүүнү пландап жаткандай.  Ал эми алардын мурунку шайлоолордо добуш сатып алган тажрыйбасын эске ала турган болсок, бул алардын колунан келет. Эл бул иш-аракеттердди көрүп, жакшы ниет менен кабыл алууда. Анткени тарыхта тиги же бул депутатты добуш сатып алгандыгы үчүн жоопкерчиликке тарткан учур болгон эмес.  Аны менен,  Кыргызстанда добуш сатып алуу жылдан-жылга мыйзамдаштырылып жаткандай.

БШК гуманитарык жардам таратып, аны жада калса социалдык тармактарга жайгаштырган партиялар менен талапкерлерге карата кандай чечим чыгара тургандыгы белгисиз.  Келе жаткан шайлоо кыргызстандыктар добушун сатпастан жоопкерчиликтүү саясий чечим кабыл алууга бышкандыгын же жоктугун, жана бийлик мыйзамды бузгандарга карата чечкиндүү чара көрүүгө даяр экендигин же жоктугун көрсөтө тургандыгы анык.

«Жаңы жүздөр» басылмасы «Жалпы иш» коомдук фондуна, жана өз ой-пикири менен бөлүшкөн баардык эксперттерге  аталган материалды даярдоодо көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет, сиздерге Кыргызстандын келечеги маанилүү экендигин көрсөткөндүгүңүз үчүн рахмат.

Лейла Саралаева

Тизмеге кайт