“Баарына каршы” добуш берсек кантет?

25.09.2020

Урматтуу окурман! Келе жаткан парламенттик шайлоо алдында, эл арасында көптөгөн суроолор да, күмөндөр да, үмүттөр да байкалууда. Катардагы шайлоочуга бул шайлоонун маанисин так түшүнүүгө жана өз добушун туура колдонууга өбөлгө болсун деп, саясат таануучу Эмилбек Джураев тарабынан жакынкы убакта беш суроого жооп берген макалалар сериясы сиздерге сунушталат. Макалалар «Общее дело»/ «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан демилгеленип, elgezit.kg гезитинде жарыкка чыгат. Бул макалаларда айтылган ойлор, албетте, авторго гана таандык.

Сериянын төртүнчү макаласын назарыңызга сунуштайбыз.

Коом арасында акыркы кездерде “баарына каршы” добуш берүүгө үндөгөн чакырыктар көбөйдү. Мындай добуш берүү мыйзамдуу жана демократиялык укукка шайкеш келет, бирок түпкүрүндө, алдыдагы шайлоодо анын кесепети терс экенин, ошол эле баарына нааразы болгон шайлоочунун тилегине да каршы келээрин айтуу зарыл.

Эгер шайлоочу чын дилинен “баарына каршы” добуш берем десе, анын андай кылууга толук укугу жана эркиндиги бар. Азыр баарына каршы болуунун бир нече себептери айтылат. Шайлоочу алдына келаткан 16 партиянын ичинен эч бирин жактырбады, алардын эч бири бул жеке шайлоочу эң маанилүү көргөн маселени жактаган жок. Же, шайлоочунун көз карашынча, 16 партиянын баарында мурдагы эле тажатып, уурдап, эч жакшы ишке жарабаган эски саясатчылар бар. Же, шайлоочу жалпы эле азыркы саясый кырдаалга, мамлекеттик башкарууга, конституциялык түзүмгө терең нааразы. Же, өзгөчө кылдат ойлонгон шайлоочу үчүн, азыркы шайлоо өнөктүгүндө ушул күнгө чейин эле орун алып калган массалык бузукулуктарды, бурмалоолорду, сатып алууларды көрүп туруп, 16 партиянын ичинен тандоого баруу – бул ушул ыпластыктарга, мыйзам бузууларга макул болууга барабар. Бул түрдүү нааразылыктардын баарынын кайсы бир деңгээлде жүйөөлүү жайы бар.

Бирок, акырында, баарына каршы добуш берүү максатка кайчы келип калат. Өйдөдө айтылган нуктарда нааразы болгон шайлоочунун тилеги – чыныгы өзгөрүү болсун дейт. Баарына каршы добуш берүү аркылуу, саясый системага, партиялардын баарына, жемкор, жарабас саясатчылардын баарына күчтүү “Жок!” деген жооп болот деп ойлойт, жана ошондой добуш берүү аркылуу, өлкөбүздү саясый жаңыланууга түртөбүз деген үмүттү карманат.

Бул адашуу; реалдуулуктан алыс, практикалык жүзөдө шансы жок кыял. Тескерисинче, ушул үмүттүн жетегинде баарына каршы добуш берүү менен, бул шайлоочулар эскиче, ыплас, үмүтсүз саясатты ого бетер күчтөндүрүүгө жол ачып калуусу мүмкүн.

Биринчиден, “баарына каршы” тандоосунун негизинде шайлоо жокко чыгып, жаңы шайлоо жарыяланышы үчүн, баарына каршылардын саны эң көп добуш алган партиядан көбүрөөк болушу керек. Эң ийгиликтүү партия, мисалы, 20.00% добушка жетишсе, шайлоону жокко чыгаруу үчүн, “баарына каршы” добуштар 20.01% же көбүрөөк болушу керек. Бул деген, реалдуу өткөн тажрыйбадан караганда, бир нече жүз миң добуш. Жанагы эң бай, ресурсу көп, акчаны суудай чачкан, добуштарды дүңү менен сатып алган партиядан да көп добуш алуу баарына каршылар үчүн реалдуубу? Же туруктуу жан дили менен берилген шайлоочулары бар, көп жылдар бою калыптанган, харизмалуу лидери бар, ийгилиги даңаза болгон талапкерлери бар, күнү-түнү токтобой үгүт жүргүзгөн партиядан да көп добуш алуу баарына каршылар үчүн реалдуубу?

Теория жүзүндө мүмкүн, бирок практикада “баарына каршы” добуштары алдына озуп чыгуусу мүмкүн эмес. Озуп чыкпай калса эмне болот?

Анда, баарына каршы берилген добуштар жөн гана жокко чыгат. Албетте, мындай нааразы добуштар көп болду деп ар ким ар жерде бираз сөз кылышы мүмкүн, бирок аз эле убакта маселе ошо бойдон жабылат. Баарына каршы болгондордун добушу сыртта калып, добуш алган партиялардын кербени алдыга жыла берет.

Эгер баарына каршы берилген добуштар көп болсо, кайсы партиялардын кербени өзгөчө жемиштүү, мандаттуу болот? Ошол баарына каршы болгондор эң жаман көргөн, аларды тажаткан көрүнүштөрдүн баарына жооптуу партиялар эң чоң утушка жетишет. Анткени, ал партияларга каршы берилчү, жаңычыл, реформачыл партияларга берилчү добуштар “баарына каршы” болуп калып жатпайбы. Мисалы, баарына каршылар 10% болсо, ошол сандагы добуштар – эгер бир партияга берилгенде – канча депутаттык мандатты алмак, ал депутаттар саны көбүрөөк болгондо канчалык дагы жигердүү өзгөрүүлөргө жетелей алмак өлкөнү? Ошол баарына каршы добуштар эң радикалдуу өзгөрүүнү талап кылып жаткан партияга берилбей, ошол партия 7% босогодон өтө албай калса, акырында, ал жыйынтык ким үчүн алгылыктуу?

Экинчиден, чындап эле, баарына каршы шайлоочулардын саны эң көп болуп, шайлоо жокко чыгып, жаңы шайлоо болсун дейли. Анда, мыйзамга ылайык, шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө берилген убакыт мурдагыдан үч эсе кыскараак болот. Ал кыска убакытта эч бир маанилүү нерсе өзгөрбөйт, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы да өзгөрбөйт, жадагалса, жанагы чуу салган жарым миллионго жакын жарандын Форма-2 аркылуу шайлоо жайын которгону да иликтенүүгө үлгүрбөйт.

Жаңыдан жарыяланган шайлоого баягы эле партиялар, көбүнесе баягы эле тизмелери менен катышат. Кайсы партиялардын шансы жогору болот? Акчасы көбүрөөк, ар кандай башка да ресурстары көбүрөөк болгон партиялар жана алардын талапкерлери артыкчылыкка ээ болот, анткени, акчасы азыраак, ресурсу жогураак партиялар шайлоонун биринчи жолкусунда бардык күчүн жумшап салышат. Көкүрөгү күйүп, өлкөнү өзгөртпөсө болбойт деп шайлоого катышкан, жаңы саясатка аттанган талапкерлер экинчи жолку шайлоого катышууга убакыты да, ресурсу да, кызыгуусу да жоголот. Ошентип, акырында, баарына каршы берилген добуштар ушул көөдөнүндө оту бар, саясатка күйүп-бышып келген жаңы күчтөргө каршы берилген эле добуш болуп калат.

Жаңы шайлоо болгондогу кошумча коротулган каражатты, кризис кайнап турганда текке кеткен убакытты, ал арада баарына каршылар тажап бүткөн эски чакырылыштын курамы парламентте кала тураарын айтпай деле койолу.

Үчүнчүдөн, баарына каршы добуштун кененирээк негизин, жүйөөлөрүн карайлы. 16 партиянын баарысы бирдей чирик, бузук, жарабастар деген ой – эң кеминде алдастоого барабар. Ат салышып жаткан партиялардын арасындагы айырмачылыктар мурда болуп көрбөгөндөй чоң – 2010-жылы да, 2015-жылы да бүгүнкүдөй ар түрдүүлүк, кескин айырмачылыктар болгон эмес. Бардык партияларда эскилер жүрөт, күмөндүү кишилер келатат деген жүйөө бираз орундуу, бирок эч кайсы өлкөнүн саясатында, эч качан таптазалар, аппактар партия түзүп, бийликке жетишүүсү болуп көргөн эмес. Саясатта андай болбойт. Андай таптазалар менен аппактар мамлекетти башкарууну билээри да чоң күмөн жаратмак. Саясатка реалдуу карап, кайсы партияларда башкалардан көбүрөөк ишеним туудурган талапкерлер тизмеси келатканын карап, добуш берүү керек.

Анан, бирин-серин партия жакшы болсо да, шайлоо өзү булганып бүттү, мындай кырдаалда ал партиялар баары бир салмактуу мандат санын алышпайт, кайра эле кичинекей сандагы оппозиция болуп, эч нерсе өзгөрбөйт деген ой да, карай келсе, туура эмес. Буга чейин болуп көрбөгөндөй эл арасында өзгөрүүгө болгон талап турганда, болуп көрбөгөндөй санда жаңы, реформачыл кишилер аттанып атканда, мындай пессимисттик көз карашты алдыга койуу – ошол өзгөрүүлөргө бут тосууга барабар. Так ошол баарына каршы добуштардын айынан оппозиция кичинекей болуп, эч маанилуу ролго ээ боло албай калганы турат.

Акырында, дагы да кененирээк бир түпкүрдөгү маселени айта кетели. “Баарына каршы” деген добуш, жогоруда айтылгандай, өлкөдө чечкиндүү, тамырынан бери өзгөрүүнү талап кылган добуш, мыйзамсыздыкка, сабатсыз саясатка, паракордукка, адилетсиздикке каршы добуш. Мындай бийик, аруу максаттарды ишке ашыруунун башкача, кыскараак, реалдуураак, тарапташ-тилектештерге балта чаппаган да жолдору бар. Шайлоодогу мыйзам бузууларды шайлоодон кийин да, партияларды шайлап алганда, “баарына каршы” деп ураан көтөрүп шашылбай, катышып жаткан партиялардын арасын тыканыраак талдап, анан бурмалоолорго каршы келчү кандай ыкмалар, стратегиялар болсо аныктап, тилектеш жарандарды туура жагына үндөп, жакшыраак талапкерлер басымдуураак болгон партияга салым кошуу туура болот.

Мамлекетти, жашоону оң жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгү шайлоо күнү эле бүтүп калбайт, андан кийин да күндөр бар. Шайлоодон кийинки күндөрдө кризистен чыгуу үчүн, жакшы жагына өзгөрүү үчүн, парламентте кандай адамдар олтуруп калышы эбегейсиз мааниге ээ. Ошол адамдардын курамы, сапаты “баарына каршы” берилген добуштарга түз байланган – мындай добуш көбүрөөк болсо, парламент сапаты начарыраак болоору эң эле реалдуу сценарий.

Бул жерде келтирилген аргументтерден кийин да “баарына каршы” добуш берүү чечиминен кайтпайм десе, ал шайлоочунун өз эрки жана мыйзамдуу укугу, албетте.

Шайлоого баруу керек, туура тандоо керек!

Тизмеге кайт