Бишкек, 2021-жыл, 10-январь - 11:30.
“Жалпы иш” коомдук фонду өлкө боюнча 500 байкоочусун тандалган шайлоо участкаларында ачылуу, добуш берүү, добуштарды саноо жана жабуу иштерин байкоо жүргүзүүгө жөнөттү.
Фонд статистикалык негизде байкоо жүргүзүүнү, шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы методологиясын колдонот. Бул шайлоо күнүндөгү шайлоо процесстери жөнүндө бүтүндөй өлкө боюнча корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Добуш берүүчү жайлардын айланасындагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн дагы 58 мобилдик топтор тартылды.
Бишкектеги 20 оператору бар Call-борбор байкоочулардан маалыматты кабыл алып, анализ жүргүзөт, ал эми 16 юрист мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматты талдоо жана арыздарды берүү боюнча иш алып барышат. Жумушту 8 аймактык координатор жана башкы кеңседен кошумча 20 кызматкер башкарышат.
Байкоочулар шайлоо күнү тынч башталганын, участкалык шайлоо комиссияларын ачууда айрым мыйзам бузуулар орун алгандыгын билдиришти. “Жалпы иш” коомдук фондунун бардык байкоочулары байкоо жүргүзүү үчүн, ачылбаган шайлоо участокторунан тышкары бардык шайлоо участогуна киргизилди.
Көпчүлүк учурларда ачылыш процедурасы мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн.
Көпчүлүк УШКлар шайлоо участоктору ачылганга чейин даярдык жыйындарын өткөрүштү: саат 07: 00гө чейин - 11%, 07:30га чейин - 56%, 07:30дан кийин - 33% жолугушуу 1% болгон жок.
Ачылыш процедураларында участкалык шайлоо комиссияларынын 83% COVID-19 сунуштарын толугу менен аткарды, 16% шайлоо участкаларында процедуралар жарым-жартылай аткарылды.
88,8% шайлоо участкаларында чүчүкулак мыйзам чегинде жүргүзүлдү.
Шайлоо бюллетендери шайлоо участкаларынын 97% кайра саналды. 99% шайлоо участкаларындагы байкоочуларга бош урналар көрсөтүлдү.
Шайлоо участоктору негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга 80пайызга жеткиликтүү болгон, ал эми 20 пайызга толугу менен жеткиликтүү болгон эмес. Шайлоо участкаларынын көпчүлүгү саат 08: 00дө - 78пайыз, саат 08: 00гө чейин - 20 пайыз ачылды, 08:30 ден кийин 2 пайызы ачылды.
Участкалык шайлоо комиссия башчысын - 63% аялдар түзөт.
Байкоочулар УШКнын ачылыш процедурасында 12 одоно мыйзам бузуу болгонун билдиришти:
Саат 09.00гө карата.
07.00 сааттан кийин УШКнын ачылышы: 3
Бюллетендерди кайра эсептөө болгон жок: 3
УШКнын жыйыны болгон жок:2
Байкоочулардын укутарын мыйзамсыз бузуу:2 жана алар жоюлган
УШК: 1 ачылбай жатат:
УШКда уруксатсыз катышуу:1
“Жалпы иш” Комдук Фонду жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча кайрылууларды жана даттанууларды берет.
Добуш берүү процессин чагылдырган кийинки пресс-релиз саат 16:00дө чыгат.Тандалган билдирүүлөр социалдык каналдагы баракчаларыбызга жана YouTube каналы аркылуу онлайн жайгаштырылат.
Шайлоолорго мониторинг «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу, «2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат.